Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

04:01 Кыргыз өкмөтү авиа кырсыкта 68 киши мерт болгонун кабарлады


Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын башчысы Роза Даудованын билдиргенине караганда, кечээ кечинде авиа кырсыкка кабылган учакта 90 киши болгон. Алардын катарында 24 кыргызстандык, 52 ирандык, бир казакстандык, эки канадалык, бир түркиялык, бир кытайлык жаран болгону аныкталды. Булардан 17 адам тирүү. Аман калгандарынын төртөө үйлөрүнө кетишкен. Кыргызстандын атуулдардын ичинен 17 киши спорттук багытта билим берген №29 мектептин өкүлдөрү болушкан. Алардын ичинен жетөө аман калышкан. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдүн ичинде шаардык кеңештин эки депутаты болгон. Алардын бири – Билал Чыныбаев бейдарек бойдон калууда, ал эми Бахтияр Кадыров ооруканага жеткирилген. (BuS)

XS
SM
MD
LG