Мындай маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Азаттыкка” билдирди. Дарыгердин айтымында, ооруканага түшкөн 22 адамдын төртөө текшерүүдөн өтүп, үйүнө кайтышты. Калгандары дарыгерлердин кароосунда болууда. Алардын катарында №29 мектептин төрт өспүрүм спортчусу бар. Аталган мектептен Бишкек-Тегеран сапарына 17 өспүрүм баскетболчу чыгышкан. Алардын жетөө аман калып, үчөөнүн акыбалы оор экендиги мурда кабарланган. Оорукнага түшкөндөрдүн катарында команданы баштап бараткан №29- мектептин директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бахтияр Кадыров да бар. (BuS)