Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

5:25 Кенжебек: учак жерге түшкөндөн кийин жүргүнчүлөр жардам сурап атышты


“Боинг 737” учагынын жерге кулап түшкөнүнө күбө болгон жергиликтүү тургун Кенжебек Турдукеев ушинтип билдирди. Анын айтымында, учак адегенде аба майданынан бийик көтөрүлүп, кайра бат эле ылдыйлап барып, Жаңы-Жер айылынын аймагына кулап түштү. Учак сүрүлүп барып, жерге катуу тийди, болжол менен ал он-он беш минутадан кийин жарылды. “Учак бир аз бурулганда аялым экөөбүздү кошо алып кетмек” деди кырсыкка күбө болгон адам. Расмий маалыматка караганда учак бийикке көтөрүлүп, дароо эле уча албай атканын айтып, конууга уруксат сураган. (BuS)

XS
SM
MD
LG