Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Кыргызстандын “Itek air” авиакомпаниясына таандык “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан алыс узабай кулап түшүп, анда Иранга учуп бараткан 90 адамдын алтымыш беши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25 жүргүнчү аман калып, үчөө реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Бийлик өкүлдөрү кырсыкка учактын техникалык жактан бузуктугу себеп болгон деген алгачкы маалымат беришти.

“Итек-эйр” авиакомпаниясынын “Боинг-737” маркасындагы учагы Иранга учаардан мурун Мосвкадан Ошко учуп келип, май куюп, экипажы алмашкандан кийин Тегеран шаарына багыт алган.

Ал “Манас” аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн 10 мүнөт өтпөй кайра конууга уруксаат сураган.

Кыргыз президентинин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытовдун билдирүүсү боюнча, учактын герметизациялык системасы бузулган:

- Учак миң метрден ашыкча бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин герметизациясы бузулганын көрсөтүп лампочкасы күйө баштаганда экипаж кайра конуу чечимине келген. Бирок “Манас” аэропортуна жетпей кулап түшкөн. Анык себебин комиссия иликтеп жатат, азырынча эч нерсе айта албайбыз.

Учактын кулашын өз көздөрү менен көргөн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундары Кенжебек Турдукеев менен Фархаддын айтымында, ал асманга көтөрүлгөндө эле үнү башкача болгон:




- Самолет башкача жанып, үнү да башкача болуп жаткан. Мен талаада жүргөм. Анан жерге түшүп туруп жарылып кетпедиби. Жерге түшкондөн кийин 15-20 мүнөттөн кийин жарылды. Жүргүнчүлөр жардам эле жардам деп кыйкырып атышты. Анан мен Жаңы-Жердин милицияларына телефон чалдым. Сүрүлүп барып түштү. Ошон үчүн мотору тээтиги жакта, куйругу бул жакта жатпайбы. Ушу мотору бир балакет болгон болуш керек, себеби үнү башкача болду. Эгер бурулбаганда биздин үстүбүзгө түшмөк да.

Президент кеңешчиси Токон Мамытовдун түн ортосунан кийинки билдирүүсүнө караганда, учакта 83 жүргүнчү, анын ичинде Ирандын 50дөн ашык, Кыргызстандын 20дан ашык тургуну, Канаданын, Казакстандын, Түркиянын, Кытайдын жарандары жана экипаждын 6 мүчөсү менен Жарандык авиация департаментинин бир кызматкери болгон.

Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын баскетбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасынын 17 мүчөсү жана Бишкек шаар кеңешинин 2 депутаты бар экен.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын алгачкы маалыматы боюнча, өспүрүмдөр командасынын аман калган жетөө аман калып, үчөө реанимацияга түшкөн. Калган төртөөнүн жараты жеңилирээк.

Ал эми Бишкек шаар кеңешинин депутаттары Бахтияр Кадыровдун аман калгандыгы маалымдалса, Билал Чыныбаевдин тагдыры таңкы беште белгисиз болду.

Жабыр тарткан жана каза болгон жүргүнчүлөрдүн жакындары менен туугандары үчүн атайын телефон иштеп, Саламаттык сактоо министрлиги көз жумгандардын аты-жөнүн тактап жатат.

Кырсыктаган учак пайдаланууга 1979-жылы берилген.

“Итек эйр” компаниясы аны кайдан, качан сатып алганы али белгисиз, бирок бул компания учактарынын кооптуу экендигинен улам Еврокомиссиянын кара тизмесине түшкөндөрдүн бири.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаровдун билдирүүсү боюнча, бардык компаниялар чет өлкөдөн иштөө мөөнөтү аяктап, эскилиги жеткен самолетторду сатып алышкандыктан Еврокомиссия өз аймагынан учууга тыюу салган:

- Кыргызстанда президент учкан самолеттон башка учактардын бардыгы техникалык сапаты жагынан кооптуу болгондуктан Еврокомиссия биримдиктин аймагында учууга тыюу салган. Анткени, керек болсо “Боинг” деген учактары бар авиакомпаниялардын бирөөсүнүн да самолету европалык стандарттардын талабына жооп бербейт. Еврокомиссия дагы текшере турган болсо аларга Европага гана эмес таптакыр учууга тыюу салышы мүмкүн.

Кытайдын Үрүмчү шаарында “Кыргызстан” авиакомпаниясына таандык ТУ-134 самолету да Бишкекке кайта албай турат.

Ага учактын дөңгөлөктөрүнүн коноордо ачылбай койгону себеп болгон.

Так ушундай окуя өткөн жылы Казакстанда да болгон.

Демек, мындай фактылар Кыргызстандын бардык авиакомпанияларынын абалын тезинен оңдоо зарыл экендигин далилдеп турат. Эми көп адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин ал тезинен жасалабы жокпу белгисиз.
XS
SM
MD
LG