Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

9:00 Авиакырсыкта 25 киши аман калды


Кыргыз өкмөтү Бишкекте кечээ кечинде болгон авиакырсыктан 25 киши аман калгандыгы тууралуу жаңы маалымат таратты. Алардын 14ү кыргызстандык, 11и ирандык атуулдар болуп чыгууда. Буга чейин алардын саны 22 деп айтылып жаткан. Ошондой эле мерт болгондордун саны мурда айтылгандай 68 эмес, 65 экендиги, анын ичинде Бишкек шаарынын депутаты Билал Чыныбаев да бар экендиги маалымдалды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев учурда өлүктөрдү таануу аракеттери жүрүп жаткандыгын, мерт болгондорго байланышкан так маалымат ошондон кийин белгилүү болорун билдирди.
Кечээ "Манас" аба майданынын жанында Бишкек-Тегеран сапарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган Боинг учагы кулаган. Анда 90 киши болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG