Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

9:32 Авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча жумушчу комиссия түзүлдү


Транспорт жана коммуникациялар министринин буйругу менен түзүлгөн бул комиссиянын курамына жарандык авиация департаментинин жана Москвадагы мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин эксперттери киришти. Кырсыкка кабылган “Боинг-737” учагы Кыргызстандын “Итек Эйр” авиакомпаниясына тиешелүү болгон. Аны Ирандын “Asserman air” авиакомпаниясы Бишкек-Тегеран каттамы үчүн ижарага алган. “Итэк Эйрдин” өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда, бул учактын техникалык абалы калыбында болчу жана учууга жарактуулугу боюнча жакында эле техникалык кароодон өткөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.(SM)

XS
SM
MD
LG