Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бишкектен Иранга жаңыдан учуп чыккан “Боинг-737” учагынын Манас аба майданынын жанында кыйрашына жана Кыргызстандагы аба учактарынын техникалык абалына байланыштуу “Эсен-Эйр” авиакомпаниясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев ой бөлүштү. Анын айтымында, авиакырсыкты болтурбай койсо болот эле, бирок Жарандык авиация департаментинин шалаакылыгынан Кыргызстандагы авиакомпанияларда баш аламандык түзүлгөн.

- Бегалы мырза кырсык менен оору күттүрбөй келет деп коет эмеспизби. Бирок кечээ кечинде болуп өткөн жогорудагы кайгылуу окуянын алдын алууга, аны болтурбай койуга болот беле?

- Бул маселени биз байма-бай эле көтөрүп келатабыз. Ал эми биздин Жарандык авиация депертаменти “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей жаап жашырып ушул абалга алып келди. Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинде ушундай болуп жаткан кемчиликтерди айткан кишилердин барын артынан куугунтуктап, ошону болтурбай коюунун алдын алуунун ордуна, кайра айткан кишилерди өздөрүнө душман тутуп, чара көрүүнүн ордуна, Жарандык авиация департаменти Еврокомиссиясынын кара тизмесине түшүп калганына карабай, ошондон бир жыйынтык чыгаруунун ордуна Жарандык авиация депертаменти биздин президент айткандай “бардакка”, колхозго айланып кетти да. Бул жөнүндө айтпаган киши калбады. Ага жыйынтык чыгаруунун ордуна тескерисинче “бардаккаа” айлантып жиберишип ушундай абалга туш келдик. Кырсыктын алдын алууга болот эле. Ал үчүн Жарандык авиация департаменти бизнес борборуна, базарга айланбай ушундай коопсуздук боюнча эрежелерди так сактаган мамлекеттик бир органга айланыш керек болчу.

- Бегалы мырза өзүңүз айтып өткөндөй, Жарандык авиация департаментинин ишин кароо боюнча Жогорку Кеңештен суроо-талаптар түшкөндөй болду эле. Буга өкмөттөн эч кандай реакция болгон жокпу?

-
Жогорку Кеңештин Транспорт жана коммуникация комитети Кыргызстандагы авиациянын азыркы абалын карап чыгып, жыйырмага жакын сунуштарды киргизген. Атайын токтом кабыл алган. Өкмөткө жөнөткөн. Ошондо өкмөт дагы, Транспорт жана коммуникация министрлиги дагы бизге бул боюнча “отписка” кагаз жазып кутулушту. Биз айткан сунуштардын бирөөсүн дагы аткарышкан жок. Бул атайын жасалган, мындай өчөгүшүп “силер мындай кылсаңар, биз мындай кылабыз” деген мамиленин жыйынтыгы болду. Эмесе ошол биз сунуш кылган жыйырмага жакын пункттун бир топ бөлүктөрү ушул коопсуздук маселесине арналган болуучу. Себеби биздин Жарандык авиация департаментинин жетекчилиги, Транспорт министрлиги биз эмне үчүн Еврокомиссиясынын кара тизмесине киргенибизди коомчулукка, президентке башкача кылып түшүндүрүп элдин башын айландырып келатышат. Эгерде ошол Европа комиссиясынын токтомун көтөрсөңүз үч эле күнөө жазылган. Биринчиси - кыргыз Жарандык авиация департаменти коопсуздук боюнча милдеттенмелерди, бирдиктүү эрежелерди сактоого мүмкүнчүлүгү жок деген. Авиакомпаниялар жөнүндө сөз жок. Министрлик, авиация департаменти айткандай эски самолеттор тууралуу сөз жок. Экинчиден – экинчи пунктунда минтип жазат Еврокомиссия “бул жерде жалаң чет өлкөлөрдөн келип каттоодон өтүп алган авиакомпаниялар, алар өздөрү Кыргызстанда иштебейт. Бул жерде кеңсээлери жок. Кеңселери чет өлкөлөрдө иштеп, чет өлкөдө кеңселерин кармаган авиакомпанияларды каттоого тургузуп койгон” деп. Үчүнчүсү - бүт авиакомпаниялар бирдиктүү эреже менен иштебейт. Ар-кимдин эрежеси ар башка деген. Мына ушул үч ойдун негизинде Еврокомиссия биздин Жарандык авиация департаментин кара тизмеге киргизген.

- Ырахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG