Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

16:18 Электр кубаты кайрадан маал-маалы менен өчүрүлө баштайт


Эртеңден тарта Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлө баштамакчы. Мындай буйрукка өнөр-жай, энергетика жана отун-ресурстары боюнча министри Сапарбек Балкыбеков кол койгонун бүгүн “Азаттыкка” аталган министрликтен тастыкташты. Мындай чектөө 21-августта киргизээли буга чейин кабарланып, аталган аймактарда суткасына 8 сааттан электр кубатын өчүрүү боюнча график да түзүлгөн эле. Бирок айрым жагдайларды тактоого байланыштуу өчүрүү артка жылдырылган. Маалыматка караганда, мындай чара кыш мезгилинде электр кубаты менен камсыз кылуу жана өкмөт белгилеген лимитти сактоо максатында жасалууда.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG