Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

ПАКИСТАН: НЕГИЗГИ ЭКИ САЯСИЙ ПАРТИЯДАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА МУНАСА КАЧТЫ


Амирбек Усманов, Прага Апта башында Первез Мушаррафты президенттиктен кетүүгө аргасыз кылган Пакистандын негизги эки саясый партиясынын достугу үзүлгөнү турат. Эки партиянын арасындагы ажырым коалициялык өкмөттү ыдыратышы ыктымал. Ансыз да козголоңчулар баш көтөрүп, өзгөчө, жанкечтилердин 21-августтагы кош катар бомба жардыруусунан кийин өлкө саясый-экономикалык капсалаңга кабылды деген кооптонуу күчөй баштаган эле. Пакистандын артиллериялык куралдарды жасоочу ишканасынын дарбазасында бейшемби күнү болгон катар-катар жардырууда 64 киши набыт болгон.

Асиф Али Зардари башындагы Пакистан элдик партиясы менен мурдакы премьер-министр Наваз Шариф жетектеген Мусулман лигасы, 1999-жылкы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында Первез Мушарраф бийликти басып алганга чейин, элдешкис атаандаштар эле. Зардари - былтыр кол салуудан өлгөн экс-премьер Беназир Бхуттонун күйөөсү.

Зардари менен Шарифтин партиялары быйыл мартта Мушаррафты бийликтен кетирүү үчүн бириккен болчу.

Мусулман лигасы жума күнү болгон сүйлөшүүдө Жогорку Соттун былтыр Мушарраф иштен алган мүчөлөрү мурдакы орундарына кайра отурбаса, коалициялык өкмөттөн чыгарын айтты. Шарифчилер сотторду Мушаррафты конституцияны бузду деп жоопко тартууда союздаш кылып алууну көздөгөнү шексиз дешет серепчилер.

Коалиция башындагы Зардаринин партиясы болсо Мушаррафты жоопко тартуу Пакистандагы кырдаалды бейстабилдештирет деп чочуйт жана Жогорку Соттун мурдакы төрагасы Ифтикар Мохаммед Чаудирини саясатка ашыкча аралашууда деп күнөөлөдү.

Эки жак президенттикке талапкер боюнча да бир пикирде эмес. Талаштуу суроолорду алар келерки шаршембиде кайра талкуулашат.

Парламент жума күнкү жыйында президенттик шайлоо 6-сентябрда өткөрүлсүн деп чечти. Президентти Пакистан парламентинин эки палатасынын депутатарынан жана өлкөдөгү төрт провинциянын ассамблеясынын мүчөлөрүнөн куралган шайлоочулар коллегиясы шайлайт.

Борборшайлоокомдун билдиришинче, президенттикке талапкерлер 26-августан баштап көрсөтүлө баштайт.

Коалициядагы эки негизги партия арасындагы араздашуу премьер-министр Юсуф Раза Гиланинин өкмөтү экономиканы бутуна коюп, өлкөдө тынчтык орното алабы деген суроону жаратууда. Кооптонууну талипчил согушчандардын акыркы жумалардагы кандуу чабуулдары, өзгөчө, 21-август күнкү каруу жарак жасоочу ишканага жасалган кош катар бомба чабуулу ого бетер күчөттү. Чабуулдан кийин: «Пакистан өкмөтү жана бүтүндөй мамлекет террорчулукту токтотуу үчүн чечкиндүү чара көрмөк болууда», деп билдирди Пенжаб провинциясынын башкы министри Шабаз Шариф.

Кээ бир талдоочулар саясый таймаш коалициялык өкмөттү саясый-экономикалык көйгөйлөр менен күрөшүүдөн алаксыта берсе, Пакистанда жарандык согуш чыгып кетиши ыктымал экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG