Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

АКШнын АСКЕРИ КЕМЕСИ БАТУМИГЕ КЕЛДИ


АКШнын аскерий “Макфол” кемеси кечээ Грузияга гуманитардык жардам алып келди. Батуминин портунда аны грузин чиновниктери тосуп алышты. “Макфол” кемеси Батумиге төшөнчү, гигиеналык товарларды жана балдар үчүн керектүү азык-түлүк алып келди. Гуманитардык жардамдын биринчи партиясын АКШ 14-августта Грузияга аскери учактар аркылуу жеткирген эле. Алдыдагы күндөрдө ушундай эле озуйпа менен бул жерге АКШнын дагы эки аскер кемеси келет.

“Макфол” кемесин Батумиде грузин чиновниктери тосуп алышты. Өлкөнүн коргоо министри Давид Кезерашвили муну баарыдан мурда Грузия кыйын учурда жалгыз калбасын, ошондой эле Россияга постсоветтик аймактагы иштерге кийлигишкенге мүмкүндүк берилбей турганын көрсөткөн белгиге жоруду.

“Макфолдун” капитаны Жон Муур АКШ үчүн бул жерде болуу өтө маанилүү экенин белгиледи.”Анткени Грузия бизге дос, Тбилиси жардам сурагандыктан,анын өтүнүчүн аткаруу үчүн бул жерге келгенибизге кубанычтабыз”,-деп айтты Муур.

Батумиден 80 чакырым түндүктө Поти портун дале орус аскерлери көзөмөлдөп турушат. Капитан Муур бул жагдай аларга эч кандай жолтоолук кылбай турганын ырастады. “Жок, алар бизди туталантпайт. Биз бул жерге келгенге уруксат сурадык эле, алар мүмкүндүк беришти. Буга биз ыраазыбыз”, - деп айтты ал.

Ушул аптанын этегинде америкалыктардын дагы эки кемеси Грузияга гуманитардык жардам алып келет.

Россия Потиден аскерлерин чыгарып кетмей болгонун, бул жөнүндө Тбилиси менен Москва макулдашканын Грузиянын улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы билдирген эле. Бирок муну орус чиновниктери ырастай алышкан жок. Орустар Абхазия менен Түштүк Осетиянын чек араларын бойлото да кошумча көзөмөл жайларын тургузуп жатышат. Москва бул иш француздардын арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууда каралган алты принципке ылайык келет деп ырастаса, грузин лидерлери буга каршы болушууда. Алардын позициясын америкалык менен европалык ырасмий өкүлдөр колдошууда. Ишемби күнү Франциянын президенти Николя Саркози Москваны калган-каткан аскерлерин грузин аймактарынан чыгарып кеткенге чакырды. Ак үйдүн өкүлү да Вашингтон кошумча көзөмөл пункттары макулдашуунун шарттарына төп келбейт деп эсептей турганын билдирди.

Бул учурда Гори шаарына уруштан улам үй-жайын таштай качкан тургундар кайтып келе башташты. Алардын бири шаар бомбалана баштаганда дүкөнүн жаап, окбаане издеп качканын, эми кайта келип, соода-сатык кылып жатканын айтты.

Дагы бир грузин өз жерине кайткандан ашык кубаныч жоктугун, үйүнө келатканда терисине батпай сүйүнгөнүн кошумчалады.

Улуттар Уюмунун эсептеринде беш күндүк согуштан Грузияда жана Түштүк Осетияда 150 миңдей адам жер которуп кеткенге аргасыз болгон.

Жекшемби күнү Гори шаарынан беш чакырым батышта темир жолдо кара май тартып бараткан эшалон жарылды. Грузин өкүлдөрү темир жолго мина коюлган болуу керек деп болжолдошту эле, экинчи бир кабарларда орустардын аскер базасындагы ок-дүрмөттөр жарылганы айтылды. Кайсы маалымат чын экени азырынча тактала элек.

XS
SM
MD
LG