Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

7:15 Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү


24-августта “Манас” аба майданына жакын Жаңы жер аймагындагы авиакырсыкка байланыштуу кечээ президент Курманбек Бакиев ушундай жардык чыгарган. Учурда мерт болгондордун сөөктөрүн таануу чаралары көрүлүп жатат. Учак кулаганда андагы 90 кишинин 65 мерт болгон. Алардын ичинде Ирандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Канаданын, Түркиянын, Кытайдын жарандары бар. Премьер министр Игорь Чудинов кечээ аталган өлкөлөргө көңүл айтуу телеграммаларын жиберди. Ушул эле күнү Кыргызстанга Орусиянын, Тажикстандын президенттери, Орусия менен Украинанын премьер министрлери көңүл айтышты.
Окуянын кесепеттерин аныктоо боюнча премьер министр Игорь Чудинов башында турган комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуя боюнча кечээ баш прокуратура иш козгоп, тергөөгө алды. Кырсык техникалык себептер менен байланыштырылууда. Кулаган учакка ээлик кылган Итек эйр компаниясы кырсыкка террактын тиешеси болушу мүмкүн деп болжоодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG