Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

АКШ президенти Орусияны Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбоого чакырды.


АКШ президенти Жорж Буш Орусияны Грузиянын аймактык бүтүндүгүн урматтап, анын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбоого чакырды. Президент Буштун билдирүүсүндө ал Орусиянын Федерация кеңеши менен Мамлекеттик думасынын Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тануу өтүнүчү менен президент Дмитрий Медведевге жолдогон кайрылуусуна "терең тынчызданганы" айтылган. Жогорудагыдай кайрылууну орус парламентинин кош палатасы кечээги жыйынында бир добуштан кабыл алган эле.

Бул маселе боюнча соңку чечимди кабыл алуу – Орусия президентинин ыйгарым укугундагы маселе. Дмитрий Медведев кайрылууга карата азырынча өз жообун билдире элек. Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбоого Орусияны Еврошаркет өлкөлөрү да үндөдү.

Ал эми расмий Вашингтон Орусия менен Грузия ортосундагы жакында орун алган согушка байланыштуу Москва менен мамилесин кайра караштырып жатканын билдирди.

Ак үй ошондой эле келерки аптада Европада башталуучу сапарынын алкагында Грузияга колдоо көргөзүү үчүн вице-президент Дик Чейни барарын да маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG