Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ооган өкмөтү чет элдик аскерлердин турушун жөнгө салган макулдашуулар кайрадан каралышын талап кылууда


Өкмөттүн кечээги билдирүүсүндө белгиленгендей сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл эл аралык аскерлердин "ыйгарым укугун жана жоопкерчилигин чектөө" жөн-жай тургундар жашаган аймактара аба соккуларын, мыйзамсыз кармоолорду, турак-жайды бир тараптуу тинтүүнү токтотуу маселелерине бурулушу керек.

Жогорудагыдай чакырык Ооганстандын өкмөттүк комиссиясы өткөн жума күнкү аба соккусунан 90дон ашуун жөн-жай тургун казап тапкан деген тыянакка келген соң жасалып олтурат. АКШ баштаган коалиция аба соккусуна талиб согушкерлери бутага алынып, алардын 30дайы жок кылынганын билдирген. Бул маселени АКШ атайын иликтөөгө алгандыгы да маалымдалууда.

НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнү ооган өкмөтүнүн чет элдик аскерлердин турушун кайра кароо боюнча пландарынан азырына кабары жок экенин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG