Бул тууралуу Республикалык соттук медициналык экспертиза бюросунан билдиришти. Кечээ бюрого 63 адамдын сөөгү алынып келинген. Алардын 51 – эркек, ал эми 12 – аял кишиникине таандык экени аныкталган. Бүгүн дагы эки сөөктү жынысына карай таануу иштери жүрүүдө. «Боинг-737» учагынан каза тапкандардын сөөктөрүн таануу кечке дейре дагы улантылат. (EK)