Республикалык кан борборунун директору Сагынбек Абазбеков билдиргендей, ушу саатка 20 чакты адам келип кан тапшырып кетишти. «Боинг-737» учагынан аман калгандардарга донор болом деген бишкектиктер Манас проспектиси 60 дарегине келип, же 54-19-18 телефон номерине чалышса болот. Безгек, сарык, башка жугуштуу илдеттер менен ооругандардын каны кабыл алынбайт. (EK)