Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Кыргызстандагы Айтматов клубу залкар жазуучунун чыгармачылыгын, аны изилдеген башка адистердин ой-пикирлерин, арналган ырларды такай чогултуп келет. Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын “Манас” таануу жана маданиятты жайылтуу борборунун директору, Айтматов клубунун президенти Абдылдажан Акматалиев жакында окурмандардын колуна тийе турган “Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп” аттуу китеп тууралуу кеп куруп берди.

Айтматовду изилдеп келаткан адабиятчылар, адистер жазуучунун чыгармачылыгындагы – лириканы, симфонияны, рабсодияны иликтеп келатышат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын “прозадагы поэзия” деп да жүрүшөт. “Акындардын Айтматовдун чыгармаларына көп кайрылышы - анын чыгармаларынын өзгөчө лирикалуулугунан улам болсо керек”, - деген пикирин Айтматов клубунун президенти Абдылдажан Акматалиев билдирди:

Мындай карап көрсөк, орус прозасынын улуу өкүлдөрү Толстойго деле, Чеховго деле, Достоевскийге деле акындар тарабынан ырлар көп арналбаптыр. Пушкинге акындар көп кайрылган өңдүү, акындар Айтматовдун өзүнө да, чыгармаларына да көп кайрылышкан.

Чыңгыз Айтматовго арналган ырлардан турган 33 басма табак көлөмүндөгү“Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп” аттуу жыйнакка япон философу Дайсаку Икидонун, казак-кыргыз Эл акыны Мухтар Шахановдун, кыргыз Эл акындары Сүйүнбай Эралиевдин, Сооронбай Жусуевдин жана башка баары болуп 55 акындын арноо ырлары кирип жатат. Акындардын арноолору Айтматов каза болгонго чейинки жана андан кийинки жазылган ырлары болуп эки бөлүмдөн турат. Жыйнакка ошондой эле Айтматовдун философиялуу учкул сөздөрү да кирип жатат.

Улуу жазуучунун аңгемелеринде, повесттеринде, романдарында кейипкерлер ыр менен сүйлөгөн окуялар арбын. Айтматов жаш чагында ыр жазганын өзү эскерген учурлар да бар. “Жазуучунун чыгармаларынын ашкере лирикалуулугунун себеби да, жазуучунун жан-дүйнөсүнүн акындыгында окшойт”, - дейт Абдылдажан Акматалиев.

Адабиятчы Чыңгыз Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармасынан бир үзүм поэзия аркылуу өз оюн тастыктоо аракетин кылды:

Айтматов Жамбылда окуп жүргөн кезинде жазган ырларын Штубендорф деген мугалимине көрсөткөнүн эскерген учуру бар. Айтматовдун “Ысык-Көлдү сагынуу” аттуу ыры бүгүнкү күндө абдан популярдуу болуп кетпедиби. Негизи жазуучунун бардык эле чыгармаларында ыр саптары учурайт.

Мисалы “Фудзиямадагы кадыр түндө”:

Өттү-кетти жаш убагым,
Азыр жигит курагым,
Сагынгандан кайра келип,
Эски журтта турамын,
Боз үйүмдү көрсөтчү деп,
Тагдырымдан сурадым,
Боз үй да жок, апам да жок,
Суунун шары угулат,
Апамдын көп жомогундай,
Жамгыр жаайт дыбырап...
XS
SM
MD
LG