Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

15:28 Сот Ишенбай Кадырбековду абакта кармоо мөөнөтүн дагы алты айга узартты


Бул ишти бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим кабыл алды. Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен 26-апрелде камакка алынып, ошондон бери Бишкектеги биринчи тергөө абагында отурат. Аны абакта кармоо боюнча сот буга чейин белгилеген мөөнөт бүгүн аякташы керек эле. Каржы полициясы Ишенбай Кадырбековго каршы кылмыш-жаза кодексиндеги беш берене боюнча иш козгогон. Айрым саясий ишмерлер жана Кадырбеков өзү да буга чейин мындай иштин козголушун саясий себептер менен байланыштырган. Анын Нарындагы тарапкерлери баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен өткөн жумада ачкачылык акциясын уюштурушкан.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG