Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

16:58 Жалал-Абад облусунда аза күтүү күнү болду


Бүгүн облустагы жергиликтүү бийлик мекемелеринде турган мамлекеттик желектер төмөн түшүрүлдү. Жалал-Абад шаар мэри Тилек Акамбаев жекшемби күнү учак кыйраганда каза тапкан жарандардын тууган-уруктарына көңүл айтты. Өлкөнүн көз карандысыздык күнүнө карата облбийликтин маңдайында даярдалып жаткан театрлаштырылган оюн-зооктор да токтотулду. 26-августта Барпы театрында болгон облустагы мугалимдердин август кеңешмеси да музыкасыз өттү. Күнүгө таңдан кечке ар түрдүү тилде ырлар жаңырып, оюн-шооктор көрсөтүлгөн Нагима Айтматова жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көчө сыналгысы да өчүп турду. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG