Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

16:05 Ош шаарынын вице-мэри кадыр-баркын 1 миллион сомго баалады


Ош шаарынын вице-мэри Айнура Шайымкулованын айтымында, жергиликтүү «Жаңы заман» гезити акыркы сандарында аны курулай жамандаган макалаларды катары менен жарыялаган. «Материалдар бирөөлөрдүн буюртмасы аркылуу жазылган. Журналисттер мени кемсинткени аз келгенсип, кыска мөөнөттө аброюма оңбогондой көлөкө түшүрүштү. Ошон үчүн гезиттен 1 миллион сомдук моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылдым» дейт шаар башчысынын орун басары. «Жаңы заман» гезитинин баш редактору Эркин Кожогелдиев Шайымкулованын сотко даттануусун сөз эркиндигин опузалоо катары баалай тургандыгын, жарык көргөн макалалар фактылардын негизинде жазылгандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG