Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

7:09 Кыргызстан АКШны жардам көрсөтүүнүн механизмдерин кайра кароого чакырат


Бул тууралуу кечээ Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков АКШ иштери боюнча Кыргызстандагы убактылуу өкүл Литценбергер менен жолугушууда билдирди. Исаков АКШны жардам көрсөтүүдө реалдуу муктаждыктарды эске алууга жана долбоорлорго Кыргызстан тарапты катыштырууга чакырды. Кыргызстан биргелешкен кабелтең долбоорлор аркылуу азык-түлүк жана энергетика коопсуздугун бекемдөөгө кызыкдар деди Исаков. Анын айтымында, АКШнын каржылык-техникалык колдоолорунун өлчөмүн, артыкчылыктуу тармагын, формасын аныктоо жараянына катышуу мүмкүнчүлүгүнө Кыргызстан ээ боло албай келатат. Кыргызстандык расмий өкүл муну “Манаста” жайгашкан АКШ аскерий базасына байланыштырды.
Аба-аскерий күчтөрү Кыргызстанда жайгашып турганы үчүн АКШ 150 млн. доллар өлчөмүндөгү каражатты жалпы жардам жана компенсация түрүндө берерин билдирген. Мындай макулдашууга тараптар 2006-жылы 14-июндагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө келишкен. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG