Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

8:44 Кечээ түнү өспүрүмдөрдүн №14 түзөтүү мекемесинде нааразылык катталды


Тергөөдө отурган жана жаза өтөп жаткан өспүрүмдөр мекеменин жетекчилигин кетирүү талабы менен тамак ичүүдөн баш тартышкан. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кечээ түнү №14- түзөтүү мекемесине Юстиция министринин орун басары Сергей Зубов, башкармалыктын башчысы Эрнис Исаев, атайын прокурор Кубан Мамакеев барышты жана жагдайды күч колдонбой, сүйлөшүү жолу менен тынчытып, алардын талабын карап көрүүнү убада кылышты. Колонияда 100дөн ашык өспүрүм жаза өтөп жана тергелип жатат. Сидоровдун айтымында бул жердеги нааразылык менен №16 колониядагы бунттун байланышы жок. 16-колонияда чыккан 14-августтагы бунттан эки офицер жана эки айыпкер өлүмгө кабылган. Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бардык жаза өтөө мекемелерине катуу тартип киргизилген. (BuS)

XS
SM
MD
LG