Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

9:04 “Де-Фактонун” баш редакторуна каршы кылмыш иши боюнча сот кайрадан башталат


Баш редактор Чолпон Орозобекованын адвокаты Нина Зотованын айтымында, сот башталар күн бүгүн аныкталат. Бишкек шаардык прокуратура кайра тергөө сунушуна макул болбой, кылмыш ишти Биринчи май райондук сотуна кайра кайтарды. Адвокат ошондой эле “Де-фактого” дагы 1 млн. сом доо коюлганын маалымдады. Мындай арыз менен жарандык тартипте сотко мамлекеттик мекемелердин бири кайрылган.
Ушуну менен “Де-фактого” сот жүктөгөн доонун өлчөмү 4 млн. сомго жетти. Биринчи 1 млн. сомду сот президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганынын арызынын негизинде таккан. Калган 3 млн. сом доого Замира Молдоеванын атынан гезитке жарыяланган кайрылуу негиз берди. Кайрылууда Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин бири коррупциялык аракеттерди калкалай тургандыгы тууралуу жазылган. Анын негизинде шаардык прокуратура жалган маалымат таратты деп баш редактор Чолпон Орозобековага каршы кылмыш ишин козгогон. Гезиттин тарапкерлери муну бийликтин кысымы катары баалоодо. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG