Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ооганстанда апийим өндүрүшү быйыл 6%га кыскарды


Бул тууралуу Улуттар уюмунун Наркосзаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин жаңы отчетунда айтылат. Андагы маалыматка караганда, ооган дыйкандары апийим сепкен айдоо аянттарынын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу быйыл 19%га аз болгон.

Мындай жагдай өлкөнүн түндүгүндө жана чыгышында апийимге каршы кампания ийгиликтүү жүргүзүлгөнүнөн улам жаралып олтурат. Бирок отчетто белгилегендей, өлкөнүн түштүгүндө апийим айдоо мурдагы эле абалында. Ооганстан - дүйнөнүн апийим эң көп өндүргөн өлкөсү.

XS
SM
MD
LG