Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Батыш Грузиянын жикчил аймактарын Орусиянын таанышына жооп берүү жолдорун караштырып жатат


Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Орусияны Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган чечимин "жоопкерчиликсиз" деп атап, аны кайра кароого чакырды. АКШ президенти жогорудагыдай кадам "тирешенүү гана курчутуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү татаалдантат" деди. Орусияны АКШ президенттигине талапкер сенаторлор Жон МакКейин, Барак Обама, Еврошаркет, НАТО жана ЕККУ уюмдары да айыпташты. Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын Орусия тааныганын президент Дмитрий Медеведев кечээ жарыялаган. Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркиндин билдиргенине караганда, Грузиянын ай башында Түштүк Осетияга кол салуусу "жаңы реалдуулукту" жаратты жана бул Орусиянын чечими негиздүү экенин көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG