Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

27-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары 1916-жылдын бу күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшүшкөн. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкелер кеңешинин өтүнүчүнө ылайык Элдик комиссарлар кеңеши 1928-жылы борбор шаардын тышкы чегин кеңейтүү туурасында чечим чыгарды.

Заилийск аймагынын аскер командачысы, полковник Циммермандын отряды 1860-жылдын 27-август күнү Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин ээлеп алган. Полковник Циммермандын аскер отрядына согуш куралдары менен кошо 40 сарбаз колго түшкөн. Токмок чеби жана анын курулуш өзгөчөлүгүн топограф прапорщик Стрельников иликтеген.

Чеп Чүй суусунун боюндага жарга такай курулган. Чептин батыш жана түндүк тарабы жарга ыктай салынып, калыңдыгы 4 мерт, бийиктиги 4,5 метрдик тышкы дубал менен курчалган. Аскер аналитиктеринин белгилөөсүнө караганда кокондуктардын чеби, түрк аскер архитектурасынын стилине ылайык курулган.

Ысык-Көлдүк кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү август айынын 20ларында толугу менен соолгундаган. Жетисуу аскер губернаторунун буйругуна ылайык көл кылаасына кошумча аскер күчтөрү киргизилип, кыргыздардын козголоң толкуну акырындап басаңдай берди. Кыргыздардын Пржевальск шаарын басып алуу коркунучун жоготуу максатында 27-август күнү жүзбашчы Волковдун аскер отряды Пржевальскийге киргизилген.

Чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүш катышуучусу Дүйшөкө Мамыровдун маалымдоосуна караганда, Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары 1916-жылдын бул күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшүшкөн. Ал жерде Кочкор суусунун боюна Темирбулак, Абайылда, Буланбай болуштуктарынын адамдары чогулуп жаткандыгы туурасында кабар тараган.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскелер кеңешинин өтүнүчүнө ылайык, Элдик комиссарлар кеңеши 1928-жылы борбор шаардын тышкы чегин кеңейтүү туурасында чечим чыгарды. Фрунзе шаары эми Пишпек темир жол станциясы жана жумушчулар шаарчасынын эсебинен түштүк-батыш багытында өсүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Республикалык радио уктуруу дирекциясы 1954-жылдын бул күнү бүткүл кыргызстандыктарды жаңы сатып алынган радиоприемниктерди үч күндөн калбай жергиликтүү бийлик байланыш түйүнүнүндө каттодон өткөрүү туурасында катуу эскертти. Дирекциясынын эсскертиүүсүндө радио аппараттары иштеген же бузук экендигине карабастан, каттого алыныш керектиги айтылат.

Партиялык кысым жана баканооздукка карабастан, шаардык айрым интеллигенция өкүлдөрү «душман үнү» эсептелинген «Азаттык», «Америка добушу», «ББС» сыяктуу программаларды угуудан калган эмес. Мындан улам, Кыргызстандын партия жетекчилиги Совет көчөсүнө идеологиялык душман радиолорун өчүртө турган станция курдурган.

Кыргыз чөлкөм таануу музейи уюштурган зоологиялык экспедиция Ысык-Көлдөгү чалгындоо ишин 1939-жылдын бул күндөрү жыйынтыктаган. Зоологиялык экспедиция тарабынан көл кылаасын байырлаган 64 жапайы жаныбар, 128 түр канаттуу, 112 түр курт-кумурска, 57 түр сойлоочулар, балыктын 81 түрлөрү каттого алынган. Алардын айрымдары зоологиялык адабиятта эскерилбегендиктен экспедициянын иши айрыкча жемиштүү өттү деп бааланган.
XS
SM
MD
LG