Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

“ИТЕК ЭЙРГЕ” МАРАТ СУЛТАНОВДУН ТИЕШЕСИ БАРБЫ?


“Итек эйр” (ITEK Air) компаниясына таандык Боинг-737 учагы кырсыкка учурагандан кийин бул компаниянын кожоюну ким деген суроо пайда болду. Жогорку Кенештин депутаты Бегалы Наргозуев “Итек эйрдин” чыныгы кожоюну Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов экендигин айтса, Марат Султанов өзү аны төгүнгө чыгарууда.

“Итек эйр” компаниясы 1999-жылы түзүлгөн. Компаниянын башкы директору Вера Михайловна Перелигина. Компанияга таандык үч Боинг-737 учагы бар экенин анын интернеттеги баракчасында (http://www.itekair.kg) маалымдалган. Алардын бирөөсү 24-августа кечинде
кырсыкка учураган.

“Итек эйр” компаниясынын кожоюну Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева деген сөздөр буга чейин чыккан. Бирок Динара Исаева ал компанияга жакындыгы жок экенин билдирет:

Жок. Ээси болгон эмесмин эч качан. Жөн эле сөз кылып эле жазып жаткан. Өздөрү билбей эле туура эмес маалымат беришкен. Ал туура эмес.

Айта кетүүчү нерсе, Динара Исаева Бишкек шаарынын мурунку мэри Данияр Үсөновдун жубайы.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен эйр” компаниясынын ээси Бегалы Наргозуевдун маалыматы боюнча ”Итек эйр” компаниясын Динара Исаева Социалдык фонддун төрагасы Марат Султановго саткан:

“Итек эйр” Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеваныкы болчу. Динара Исаева аны россиялык Кочубей деген жарандан сатып алган. Анан былтыр Динара Исаева аны “Максавиа” деген компанияга сатканга аракет кылган. Бирок акырында “Максавиа” албай койгондон кийин Марат Султановго арзаныраак сатышкан.

Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов Наргозуевдин маалыматын толук төгүнгө чыгарып, чындыкты аныктоо үчүн сотко кайрыларын билдирди:

Мына асманда кудай турат, “Итек эйрге” менин акция жагынан, кожоюндук жагынан эч кандай тиешем жок. Ал эми Наргозуев менен саясий жактан, башка жактан эч кандай каршы болгон эмеспиз. Бирок үч-төрт жолу мага доомат койгонун угуп калганмын. Ал элге туура эмес маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан мен аны сот аркылуу чечүүгө аргасыз болом.

Жарандык аба департаментинин башчысы Алик Аскаров “Итек эйр” компаниясына Марат Султановдун эч кандай тиешеси жок дейт:

Марат Султановдун Кыргызстандагы аба компанияларына эч бирине тиешеси болгон эмес жана жок. Айтылып жаткан сөздөр жалаң ушак. Наргозуев мырза Жогорку Кеңештин депутаты жана “Эсен эйр” компаниясынын кожоюну. Анын компаниясы техникалык себептерге байланыштуу жабылган. Ошондуктан ал өзүнүн авиакомпаниясына көз салып алсын. Эгерде техникалык кемчиликтерди четтепесе компаниясы көпкө чейин ачылбайт.

Алик Аскаровдун айтымында, “Итек эйрдин” кожоюндары тууралуу документтер бар. Бирок алардын арасында Марат Султанов жок.

Марат Султановдун жакын адамдарынын бири, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ахмат Келдибеков да “Итек эйр” компаниясына тиешеси жок экенин белгилейт:

Мен Султановду жакындан билген катары айтсам, анын “Итек эйрге” эч кандай тиешеси жок. Өзүм боюнча айтсам, ошол компаниянын директору менен тааныштырып койгула, мага жок дегенде льгота берип турсун деп журналисттерге мурда эле айтканмын . “Итек эйрдин” директору ким экенин, канча учагы бар экенин да билбеймин. Эми жаза беришет экен да.

Келдибековдун маалыматы боюнча, “Итек эйрди” орус улутундагы кыргыз жараны сатып алган. Бирок компанияда алайлык балдар иштейт. Ошондуктан Марат Султанов бул компаниянын артында турат деген сөздөр чыгууда.

Ал эми “Итек эйрдин” башкы директору Вера Перелигина компаниянын кожоюну тууралуу суроого 25-августа маалымат жыйынында жооп берген жок. Ал эми 26-августа аны жумуш ордунан табуу кыйын болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG