Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

КЫРГЫЗСТАН АКШдан ЖАРДАМ СУРАДЫБЫ?


“Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары көргөзүп келе жаткан жардамдардын натыйжалуу болушун суранганын, айрыкча өлкөнүн азык-түлүк жана энергетика боюнча коопсуздугун сактоого кол кабыш кылууда биргелешкен кубаттуу долбоорлорду иштеп чыгууга кыргыз тарап кызыкдар экенин, бул багытта АКШ өкмөтү Кыргызстанга финансылык-техникалык жардам көрсөтөт деп үмүттөнөрүн Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков билдиргенин кабарлады.

“Фергена.ру” маалымат агенттиги ИИМдин мурдагы 1-орунбасары жакында “Трибуна” жана “Кыргыз туусу” гезиттерине жаманаттыланып чыкканын, ошондон улам көпчүлүк байкоочулар аны кызматынан төмөндөйт деп атса, кайра чоңоюп, баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигинин башчылыгына дайындалганын, М. Турганбаев эми министрлик статуска барабар кызматка ээ болгонун маалымдады. Аталган маалымат агенттиги баңгизаттар менен күрөшө турган бул адам мурдагы принципиалдуу милиция, азыр Нарын губернатору болуп иштеп аткан, эл арасында “комиссар Катани” аталган Өмүрбек Субаналиевдин да досу экендигин кошумчалады.

“24.kg” маалымат агенттиги Кадыр Маликовдун “Кыргызстанда элди исламдаштыруу ээн-жайкын кое берилген” деген макаласын жарыялады. Кыргызстанда исламды көздөй аттануу Советтер Союзу кулаган 10-15 жылдан кийин күчөгөнүн айткан саясат жана дин иликтөөчү Кадыр Маликов, айрым тарыхчылардын кыргыздар башынан эле исламга жакын болгон деген ойлоруна кошулбастыгын, анын оюнча кыргыздардын басымдуу бөлүгү көчмөн цивлизациянын өкүлдөрү болгонун, исламдан алда канча алыс турганын, бүгүн саясый элиталардын адамгерчиликсиздигинин, коррупцияга баткандыгынын жана өлкөдөгү жакырчылыктын айынан руханий боштук илсам менен толтурулуп жатканын жазды.

Саясат иликтөөчүнүн пикиринде ушу күнгө чейин Кыргыз мамлекети ислам менен кантип кызматташып келаткандыгы түшүнүксүз. Бүгүн мектепти бүтүргөндөрдүн ичинен сабаттуу жаза албаган, сабаттуу окуй албаган жаштар чыга баштады. Кыргызстанда ушу тапта исламды окута турган 7 жогорку окуу жайы, 40тан ашуун медресе бар. Кокусунан диний жаңжал чыгып кете турган болсо мамлекет “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу радикалдуу-экстремисттик уюмдардын маселесин туура чече албашы мүмкүн, мамлекет аны күч менен гана басат деп ойлойм, бирок проблеманы күч менен чечүү жакшылыкка алып келбейт, ошондуктан элге исламды туура түшүндүрө турган идеолгия зарыл дейт Кадыр Маликов.

“Акипреss” маалымат агенттиги авиакырсыктан жапа чеккендер үчүн кан тапшыруу борбору донорлордон кан алууну улантып жатканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG