Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

АВИАКЫРСЫКТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?


Жекшемби түнү (24-август) болгон авиакырсыкта жарат алып, ооруканага түшкөн адамдардын алды ооруканадан чыгып, айрымдарынын абалы жеңилдей баштады. Каза болгон 65 адамдын азыр ондон ашыгынын ким экендиги аныкталып, калгандарын тактоо үчүн Ирандан атайын жабдуу алынып келди. Ал эми коомдо учак жерге кулап түшкөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калууга экипаждын мүчөлөрү аракет көрдүбү деген суроо көпчүлүктү бушайман кылууда.

Бишкектеги №4 ооруканага түшкөн кыргыз жарандарынын бири, №29 орто мектептин директору жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Бахтияр Кадыров эсине келип, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жана бир топ депутаттары менен кечээ сүйлөштү. Ал баскетбол боюнча Ирандагы мелдешке алып бараткан жаш спортчулардын ичинен аман калган окуучулары менен бир бөлмөдө жатса, каза болгон 10 окуучуну кечээ №29 мектепте эскеришти. Досторунан айрылган Нурбек уулу Тынчтыкбек каза болгон окуучулар келечекте баскетбол тармагы боюнча Кыргызстандын туусун көтөрөр таланттуу балдар болчу деп абдан капа:

-Аябай чоң жоготуу. Жаштардын курама командасынын жарымы каза болду. Ушундай мыкты балдар пайда болорун эми ким билет?

Нурбек уулу Тынчтыкбек мындан тышкары учак кулап түшкөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн тез чыгып кетишине эмне үчүн экипаж кам көргөн жок, демек, окуяны териштирип жаткан комиссия бул жагдайды дыкат иликтеп, өкмөт келечекте жоопкерчиликти күчөтүшү зарыл деп билдирди:

- Кызматкерлер өз жашоосун ойлоп качып чыгышты да. Байыш деген дос балабыз тренер экөө төрт баланы сактап калышыптыр. Балдарды куткарам деп жатып тренердин колу сөөгүнө чейин күйүп кетиптир. А экипаж терезеден качып кетиптир. Мында авиакомпаниянын да күнөөсү бар. Себеби, жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек эле. Самолет Москвадан жаңы эле келип, эки саат техникалык кароодон өткөндөн кийин кайра учуп кетиптир. А талап боюнча 12 саат туруш керек экен. Катачылыгы мына ушунда, алар өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан.

Каза болгон жаш спортсмендин бири Ринат Ишхановдун апасы да экипаждын мүчөлөрү тез жардам берген эмес деп, кан какшайт:

-Бул жерде абал жүрөк титирерлик. Мен Кыргызстандын биринчилиги үчүн күрөшкөн 18 жаштагы жалгыз балам – Ринаттан ажырадым. Аларды куткарып калууга деле убакыт болгон экен го? Секирип аман калгандар бар. Эмне үчүн мынча көп адам өлүп кетти? Стюардессалар, борт инженерлер баары эле аман калышыптыр. Эмне үчүн алар жүргүнчүлөргө биринчи жардамдарды көрсөтүшпөгөн? Анын ордуна алар терезелерден секирип кетип аман калышкан да, биздин балдарыбыз кемерлерин да чечалбай күйүп кетишти.

Мындай күмөн ойдун чыгышына учак кулап түшкөнүнө күбө болгон Кенжебек Турдукеевдин:

- Жерге түшкөндөн кийин 15-20 мүнөттөн кийин жарылды. Жүргүнчүлөр “жардам” эле “жардам” деп кыйкырып атышты. Анан мен Жаңы-Жердин милицияларына телефон чалдым.-деген маалыматы да негиз берип жаткандай.

Ал эми Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров коом ичинде пайда болгон мындай бүшүркөөгө негиз жок, себеби экипаждын мүчөлөрү эреже талап кылгандай так иштеген үчүн 25 адамдын өмүрү сакталып калды деп билдирди:

- Авариялык кырдаал түзүлгөндө коштоочу кызматкерлер жүргүнчүлөргө белкур менен курчангыла деп көрсөтмө беришкен. Учак кулап түшкөндөн кийин экипаж отурган кабинанын эшиги бекип калыптыр. Ошондо командир менен буту сынган экинчи учкуч форточкадан чыгышыптыр. Ал эми авариялык эшикти коштоочу кызматкерлер ачышыптыр. Бирок ызы-чуу түшкөн жүргүнчүлөр эшикти көздөй жанталашышканда эшикти ачкан коштоочу кыз кулап түшүп, адамдардын баары анын үстүнө секире башташкан. Азыр ал кыздын бели сынып ооруканада жатат. Ошол коштоочу кыздардын эшикти ачып беришкендигинен улам ушунча адам аман калды. Эгер алар талапка ылайык иштешпесе жүргүнчүлөрдүн баары каза болушмак. Бул жерде алардын эч кандай күнөөсү жок. Алар эми тирүү калганы үчүн күнөөлүүбү?

Алтымыш беш адамдын өмүрү кыйылган “Боинг-737” учагы эмне себептен кулап түшкөндүгүн азыр КМШнын Леонид Каширский башында турган Эл аралык авиация комиссиясы иликтей баштады. Учак экипажынын мүчөлөрү Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясынан тышкары аталган комиссияга да маалымат берип жатат. Комиссиянын жыйынтыгы авиация тармагында коопсуздук боюнча жоопкерчиликти күчөтүүгө негиз берер-бербеси бүдөмүк...

XS
SM
MD
LG