Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

17:12 Жалал-Абад облусунда 1600 гектардан ашык жайыт өрттөндү


Торуз-Торо районунда кечээ түндө башталган өрт бүгүн өчтү. Учурда өрттүн эмне себептен чыккан жагдайы такталууда. Райондун «Багыш кол» токой аймагында 300 гектардагы кургак чөптүү жайыт өрттөнгөн. Аны өчүрүүгө жергиликтүү тургундар менен Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери катышты. Токтогул районунда «Көк томпок» жайлоосунда эки күн өрт болуп, ал 1300 гектардан ашык аймакты кучагына алган. Натыйжада Чычкан капчыгайына туташ жердеги жүздөгөн арча дарактары күйүп кеткен. Мындай көрүнүш губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун чөнтөк телефонуна тартып алган сүрөттөн көрүнүп турат. (YA)

XS
SM
MD
LG