Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

ШКУнун ДҮЙШӨМБҮ САММИТИ АЛДЫНДАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАР БАШТАЛДЫ


Тажикстандын баш калаасы болгон Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити эртең (28-август)башталат. Дүйшөмбү саммитинде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чогулуп, дүйнөдөгү соңку кырдаал, айрыкча АКШ менен Орусия алакалары да талкууга алынары болжолдонууда.

Дүйшөмбү саммитин утурлап тажик жергесине келген ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери эртең баштала турган жыйын алдында бейрасмий жолугушууларды өткөрө башташты.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Кытайдын жетекчиси Ху Цзиньтао менен жолугушуп эки коңшу өлкө ортосундагы достук алакаларды жана кызматташууну кеңейтүү тууралуу декларацияга кол коюшту. “Азаттыктын” тажик кызматынын билдирүүсүнө караганда, саммиттин алдында эки тараптуу 12 документке кол коюлат.

Бүгүн (27-август) түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев башында турган расмий делегация Дүйшөмбү шаарына учуп кетти.

ШКУга мүчөлүккө өз талапкерлигин билдирген Иран Ислам Республикасынын президенти Ахмадинежад бул ирээт дагы Дүйшөмбү саммитине байкоочу катары келди.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушту. Президент Медведов кытайлык коллегасына Түштүк Осетия менен Абхазиядагы абал тууралуу маалымдады. Ошондой эле президенттер учурдагы эл аралык актаулдуу маселелердин айланасында кеп курушту.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бул сааттарда Дүйшөмбүгө келгени маалымдала элек.

ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин VIII отурумунун негизги иш-чаралары эртең (28-август) башталат.

XS
SM
MD
LG