Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

БАТЫШ МОСКВАНЫН ЧЕЧИМИН АЙЫПТАДЫ


Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган Москванын чечимин Батыш өлкөлөрү кескин айыптап чыгышты. Британиянын тышкы иштер министри атүгүл “орустардын Грузиядагы агрессиясына каршы кеңири коалиция түзүүгө” чакырды. Бир гана Италия азырынча өз позициясын билдире элек.

Грузияга байланышкан кризисте Италия эмне себептен ушу күнгө чейин өз позициясын ачык айта электигин Римдеги эл аралык мамилелер институтунун улук эксперти Жованни Гаспарини эки жүйөө менен түшүндүрдү. ”Баарыдан мурда, - деп айтты ал, - биздин экономикалык, өзгөчө энергетикалык чөйрөдө кызыкчылыктарыбыз бар, ал бизден кризистер маалында токтоолук кылууну талап кылат”. Экинчиден италиялык эксперт “азыркы тышкы иштер жана премьер-министр Силвио Берлускони дайыма өзүн Путиндин чоң досу кылып көрсөтүп жүргөнүн, атүгүл эл аралык маалымат жыйындарында Чеченстан тууралуу кеп болгондо да аны коргоп келгенин” көрсөттү.

Италиядан айрымаланып, Евросоюздун бир катар өлкөлөрү, алардын ичинде Германия, Франция, өзгөчө Британия Кавказдагы кризисте Грузияны колдоп келатышат. Кечээ эки республиканын көз карандысыздыгын тааныган Москванын чечимин да алар биринчилерден болуп айыптап чыгышты. “Кечээ Думанын, бүгүн орус президентинин Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныганы менин, дегеле мамлекеттин территориялык бүтүндүгү жана эл аралык түпкүлүктүү укуктар жөнүндөгү биздин түшүнүктөргө каршы келет,ошондуктан бул таптакыр кабыл алгылыксыз чечим”,-деп айтты немец канцлери Ангела Меркель.

Москванын кадамын Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт “эл аралык мыйзамдарды аң-сезимдүү түрдө бузуу” катары сыпаттаса, Франция “өтө өкүнтө турган” чечим деп атады. Аларга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кошулду. Уюмдун атынан анын учурдагы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александер Стубб Орусиянын чечими ОБСЕнин уңгулуу принциптерине кайчы келерин белгиледи. Москваны НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер да кескин айыптады.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд Орусиянын чечиминен эчтеме чыкпасын, ал болгону региондогу ансыз деле кыйын кырдаалды ого бетер оорлото турганын эскертти. Милибэнд “орустардын Грузиядагы агрессиясына каршы кеңири коалиция түзүүгө” чакырды. Ушул максатта ал бүгүн Киевге келгени жатат. Украин өкмөтүнүн вице-премьери Григорий Немыря Грузиянын суверенитетине жана территориялык бүтүндүгүнө колдоо билдирип, муну өз өлкөсүнүн “принциптүү жана өзгөрбөс позициясы” деп атады. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун абхаздар менен түштүк осетиндердин эгемендигин таануу жалпы жаңжалды жөнгө салууну татаалдаштырарын эске салды.

XS
SM
MD
LG