Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

ЭМНЕ ҮЧҮН БАТЫШ ЖАҢЫ КАНСЫЗ СОГУШКА ЖОЛ БЕРБЕЙТ? ЭКСПЕРТТЕРДИН ПИКИРЛЕРИ


Амирбек Усманов, Прага Москванын Грузиянын жикчил эки регионун күнкорсуз деп таанусун Британия катуу сынга алды. Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд 26- августа Абхазия менен Түштүк Осетияны Москванын таануусуну «баскынчылык» деп, Россияга каршы кеңири эл аралык коалиция түзүүгө чакырды. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын президенти Никола Саркози Грузиядагы кризис боюнча Биримдиктин бирдиктүү саясат иштеп чыгуусуна аракет кылууда. Орток саясат Биримдиктин дүйшөмбү күнкү жыйынында иштелип чыгыш керек. Грузиядагы кризиске, Россиянын Абхазия жана Түштүк Осетияны таанусуна карата париждик жана лондондук серепчилер эмне дешет?

Париждеги Эл аралык байланыштар институнун изилдөөчүсү Филипп Моруа Дефаржьенин сөзүнчө, Грузиядагы кризиске француздар көп деле маани беришпейт. Бирок:

- Француздарды Россиянын жүрүм-туруму, Грузия жана Түштүк Осетияда болуп жаткан окуялар тынчсыздандырат. Бирок, Франциянын эли Кавказды башка дүйнө деп санашат. Алар үчүн кризистин геополитикалык мазмуну түшүнүксүз. Француздар дем алуудан кайтып келип жаткан кез. Ошон үчүн аларды баанын өскөнү, окуу жылынын башталышы, иш, жумушсуздук көйгөйгө салууда. Жакында Франциянын эли Грузия жөнүндө да ойлоно баштайт.

Россиянын Түштүк Осетия менен Абхазияны таанусуна Франциянын мамилеси кандай болууда?

-Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле эки маселе Франциянын тынчын кетирүүдө. Биринчиси, Россиянын Грузиядагы кадамына макул эмес. Президент Саакашвили да Россияга болгон мамиледе айрым оңсуз иштерди жасаганы менен, Россиянын Грузиядагы аракети зөөкүрлүк, мыйзамсыздык жана эл аралык нормаларды ачыктан ачык бузуу экени анык. Экинчиси, Россия менен байланыштуу үзбөй туруп, жаңы Кансыз Согушка жол бербөө.

Грузиядагы куралдуу калабага жана Россиянын жикчил эки аймакты таануусуна Британиянын реакциясы кандай болду? Бул жөнүндө Евробиримдиктин Грузиядагы мурдакы элчиси Денис Горбойдун кеби:

- Британия Евробримдиктин жаңы мүчөлөрү деп аталган Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө окшош позицияны кармады. Муну Милибэнддин шейшемби күнкү билдирүүсү да чагылдырат. Британия эл аралык деңгээлде же Улуттар Уюму, ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунда кайсы бир чараларды колдоно албай жатканына дагы кыжаалат сыяктуу. Бул уюмдарда Россия вето укугуна ээ же анын чара кабыл алуусуна жол бербей койо алат.

Денис Горбой - Лондондогу Кинг коллежинин алдындагы Кавказ саясаты институтун да жетектейт. Грузиянын курамындагы жикчил эки аймакты Москванын таануусуна байланыштуу Батыш кандай чара көрүшү мүмкүн?

- Россиянын береги эки республиканы күнкорсуз деп таануусу, дипломаттык тил менен айтканда, жарыбаган иш. Европа Кеңеши келерки аптадагы жыйынында кандай чечим кабыл алат? Аны айтуу кыйын. Алар Россияга каршы катуу чара көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Арийне, эки жак тең өз жүйөлөрүн бетке кармайт. Себеби, Россия Батышка Иран менен болгон ядролук талашты жөндөөдө керек. Жакынкы Чыгыш кризиси бар. Түндүк Корея мурдакы сөзүнөн тайып, ядролук программасына кайра кайтты. Мунун баары чоң маселелер. Ошон үчүн, баарын токтотуп, Тышкы иштер министри Лавровдун шейшемби күнү сөзүн уктук. Россияны обочолонтуунун ордуна өз ара диалогго баруу аракет кылганыбыз оңдур. Узак убакыт алса да, бул маселе өз ара диалог аркылуу жөндөлүш керек.

Евробиримдиктин жаңы Кансыз Согушка баруусуна кандай жагдайлар тоскоол болууда? деген суроого париждик серепчи Филипп Дефаржье мындай жооп берди.

- Баарынан мурда, албетте, мунай жана газ. Бирок, бул чечүүчү жүйө боло албайт. Себеби СССРдин акыркы жылдары Россия чоң кыйынчылыктар менен обочолонуу саясатынан бошонгон. Биз эгер өлкөнү кайра обочолонтуп, улутчулдук жана ксенофобияга түртсөк, туңгуйуктан чыга албайбыз. Ошондуктан, маселе, Батыштын алсыздыгында эмес. Маселе, күч колдонбостон Россиялык аюу менен иштешүүдө. Батыш Грузия үчүн согушка барбайт. Андыктан, Батышта экономикалык, финансылык санкция колдонуудан башка чарасы жок.
XS
SM
MD
LG