Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Батыш менен Чыгыштын тирешүүсүнүн жаңы доору, кайрадан Кансыз согуш. Азыркы дүрбөлөңдүү учурда кандай гана атабайлы, Орусия Грузиядагы иш-аракеттери аркылуу өзүнүн Батыш менен орток кызыкчылыктарына караганда жеке кызыкчылыктарын жогору коюп жатканын далилдеп койду. “Жаңы Кансыз согуш: Кантип Кремл Орусия менен Батышты коркутуп-үркүтүүдө?” аттуу китептин автору Эдуард Лукас (Edward Lucas) Эркин Европа/Азаттык үналгысына маек куруп берген.

“Азаттык”:- Мурда сиз жаңы Кансыз согуш жандана баштаганда эле Батыш Орусияга жеңилип калды, бирок бул согуш башталганын “Батыш өзү байкаган да жок” дедиңиз эле. Чындыгында эле азыр эми Батыш мындай согуш кайра жүрүп жатканын байкаган учур келип жетти деп айтсак болобу?

Эдуард Лукас: - Чыныгы “ойгонуу учуру” деген эмне экенин аңдап-билүү оңой эмес. Бизде буга чейин дагы мындай “ойгоно калган” учурлар көп болуп келген, мындан кийин дагы бир топ болот деп ойлойм. Негизги маселе – көпчүлүк европалык ири өлкөлөр кемени суу астындагы аскага урдуруп алгысы келбейт.

Италия, Германия, Франция, Испания, Нидерланды өңдүү өлкөлөр Орусия менен өздөрүнүн мамилелерин радикалдуу түрдө өзгөртүүнү каалабайт. Орусия менен отун кубат жаатында ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан өлкөлөр бар. Отун-кубат жабдуучу компаниялар Орусия менен өзгөчө тыгыз камыр-жумур болгон.

Маселен, ушул аптада немис канцлери Ангела Меркел айым Балтика өлкөлөрүнө жасаган сапары учурунда Орусия тарабынан каржыланган Балтика деңизиндеги Түндүк газ кууруна байланыштуу келишим кайрадан каралып чыгарын айтпаганы мен үчүн кызык болду.

Мен мындай деп айтар элем: Батыш мурдагыга окшоп “терең уйкуга баткан” жок, бирок дагы эле уйкусуроо абалында кала берүүдө.

“Азаттык”: - Сиздин баамыңызда, эми Батыш татыктуураак, бекемирээк жооп кайтара алабы?

Эдуард Лукас: - Менимче Евробиримдик кескин жооп кайтарууга жарамсыз. Андыктан алар чындыгында эле орустарды түйшөлтө турган кадамдарга барбайт. Ашып кетсе биз Грузияны бүлгүнчүлүктөн калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлгө ээ болобуз жана орусиялык жоокерлер Грузияда жардырып кеткен айрым бүлүнгөн нерселерди кайра калыбына келтирүү үчүн бир нече миллиард евро акча каражатын бөлө алабыз. Бирок мунун эч мааниси деле жок. Ошондуктан Орусия азыр да Евробиримдиктин назарынын алдында деле каалашымча башкара алам деп сезип турат.

НАТО болсо “утулган ишке” азыраак жатат. Биз НАТОнун эки башка ылдамдыктагы деңгээлине муктажбыз. Орусия менен тирешүүнү каалабаган айрым Италия, Грекия, Венгрия жана башка өлкөлөргө тынчтык үчүн шериктештик долбоорун сунуштоо керек. Ал эми НАТОнун тезирээк ылдамдыкта болгон өзөккү бөлүгү азыркы тапта согуштун алдыңкы тилкесинде калган Балтика өлкөлөрүн коргоп калуу үчүн чыныгы иш-аракетке барууга даяр өлкөлөрдөн куралууга тийиш.

“Азаттык”: - Сиздин көз карашыңызда, эмне үчүн Батыш мынчалык жайбаракат “ойгонуп” жатат?

Эдуард Лукас: - Анткени анын ой-санаасы чар-жайыт, ич ара бөлүнгөн, жалган ойго жетеленген. Дээрлик бир жылдан бери биз орусиялык ракеталардын Грузиянын аймагын аткылап жатканына күбө болуп келдик. Ошондой эле Орусиянын колдоосу астындагы күчтөр Таллинде советтик жоокердин коло эстелигине байланыштуу тополоң уюштурганын көрдүк. Орусиянын кибернетикалык чабуулдарын да көрдүк. Биз 2007-жылы утиндин Мүнхендеги (Батышты кансыз согуш баштаган жатат деп айыптаган) сөзүн уктук. Биз Орусиянын тышкы саясат боюнча доктринасынын жарыяланганына күбө болдук, анда болсо отун-кубат ресурстарын курал катары пайдалануу тууралуу айтылган. Буларды билбей калган кишилерге эч кечирим жок.

Бул тээ 1968-жылдагы (Чехословакиядагы) окуялар Советтер Биримдиги жөнүндө көзүмдү ачты деп айткан кишилердикиндей эле кеп. Койсоңорчу! Тээ 1918-жылы эле Советтер Биримдиги эмне экени белгилүү болчу да! Эмне үчүн эле алардын ойгонушу үчүн 1968-жылкы Чехословакиядагы окуялар зарыл болуп калсын?

Путин Орусияны башкарып калган 1990-жылдардын этегинен тартып эле эски КГБ кайрадан бийлик тизгинин колго алып жатканын, бул айлакер жана коркутчу күчтөрдүн шериктиги Орусияны бийлеп калганын аңдоого мүмкүн болчу. Анан эмне үчүн эле кишилер 2008-жылы туманданган көзүн капысынан ачып, “кантип эле Кремл ушунчалык чекисттик режимге айланды экен?” деп жоромол кылып калышы керек!

“Азаттык”: - Кансыз согушка бөгөт койгон, жалпы кызыкчылыктарга негизделген доорго келдик деген үмүт эми жок болуп, тек гана кызыкчылыктардын атаандаштыгы өңдүү доорго кайтып келе баштадыкпы?

Эдуард Лукас: - Менин үмүтүмдө, биз коркунучту чегинен чыгарбай кармап туруунун жаңы баскычына кайтып келебиз го. Мен Орусиянын жүрүм-турумун оңдоо үчүн ага кысым жасоого кайтууну каалаар элем. Мен Орусияда демократиянын калыптанышын каалайм. Менимче, орус эле азыркы коррупцияланган, башкарууда мажирөө болгон, ырайымсыз өкмөткө караганда алда канча өкмөткө татыктуу деп санайм. Бирок азыр мындай деңгээлден алда канча ыраакта турабыз.

Эң оболу биз ишенген идеяларга ишенген элдерди коргоп калуу керек. Бул – грузин эли. Аларды биз коргоп кала албадык. Бул - украиндер, Балтика боюндагы элдер. Балтика боюнун элдери Евробиримдик менен НАТОго мүчө. Бирок Балтика өлкөлөрүндө НАТОнун эч бир жоокери жок. Ушул тапта НАТОнун согуштук учактарынын бир эскадрону гана Балтика аймагында жайгашкан. Бул таптакыр жетишсиз.

“Азаттык”: - Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG