Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

МОСКВА КИЕВДЕН КАЯША УКТУ, А ДҮЙШӨМБҮДӨН КОЛДОО КҮТӨТ


Кубат Чекиров, Прага Орусиянын Кавказдагы агрессиясына каршы кеңири коалиция түзүү мүдөөсүн көздөгөн Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд шаршембиде Киевде болду. Ал эми Грузия Кремлдин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган чечимине нааразылык билдирип, Маскөөдөгү элчилигинин эки дипломаттан башка өкүлдөрүн Москвадан чакыртып алды. Ал эми Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кечээ Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келди. Ал Кытайдын президенти Ху Цзинтао менен жолукту. Медведев Батыш өлкөлөрү менен тирешкен маселелер боюнча ШКУдан колдоо издегени көрүнүп турду. Бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Дүйшөмбүдөгү саммитинде Абхазия жана Түштүк Осетия маселесинде Кытай президентинин таасыныраак көз карашы белгилүү болушу ыктымал.

Орусия Грузияга айдын башында кол салганда эле Улуу Британия Москваны кескин сындап чыккандардын алдыңкы сабында турган. Москва Грузиянын эки жикчил аймагынын көз каранды эместигин тааныгандан кийин Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Милибэнд Батыштан биринчилерден болуп үн катып, Орусиянын аракеттерин мыйзамсыз жана жол берилгис деп айыптап чыккан.

Британиянын тышкы иштер катчысы (министри) Украинага болгон сапарынын жүрүшүндө Орусиянын Грузияга агрессиясына каршы коалиция түзүүгө умтулуп жатканын билдирип, ошол эле учурда Москваны кансыз согушту тутандыруудан баш тартууга чакырды.

Ал ошондой эле Орусияны обочодо калтыруу аргасы анын дүйнөлүк экономикага аралашып калгандыгынан улам ишке ашпай турган ыкма экенин кошумчалай кетти. Милибэнд Украинаны Орусия аларга каршы пайдалана турган шылтоо болчу кадамдардан сак болууга чакырды.

Украина Грузия сыяктуу эле НАТОго кирүү аракеттери менен Москванын канын кайнатып келаткан. Айрым серепчилердин баамында, Украинадагы орус калкы басымдуулук кылган Крым жарым аралы кезектеги жаңжалдын чордонуна айланып кетиши ыктымал.

Милибэнд менен сүйлөшүүнүн алдында президент Виктор Ющенко Орусиянын Абхазиянын жана Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган чечимин мыйзамсыз жана мурдагы Советтер Биримдигинин мейкиндигинин коопсуздугуна шек келтире турган жорук катары айыптады:

- Биздин турумубузга келсек, ар кандай өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн кепилдеген эл аралык өзөккү мыйзамдар азыркы таптагы коопсуздук саясатынын негизи болуп саналат. Бул жоболордун бузулушу жалпы Кавказдагы кырдаалды гана курчутпастан, дүйнө жүзүнүн башка бөлүктөрүндө да кырдаалды татаалдатып жибериши ыктымал.

Ошентип, Грузия менен катар Украинанын дагы Москва менен дипломатиялык алака-катышы барган сайын чыңалып баратат. Грузия бийлиги кечээ Москвадагы элчиликте эки дипломатты гана калтырып, калгандарынын баарын чкырып алганын жарыя кылган. Бирок Тбилиси азырынча дипломатиялык алаканы таптакыр токтотуу сыяктуу кадамдарга барган жок.

Орусия ал ортодо кыйчалыш кырдаалда жан тарта турган күч катары Кытайды карап турат.



Орус президенти Дмитрий Медведев кечээ Тажикстандын ордо шаары Дүйшөмбүдө Кытай президенти Ху Цзинтао менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун жогорку деңгээлдеги жыйынынын алдында өттү.

Бүгүн бул жыйында Орусия Түштүк Осетия маселесин көтөрүп чыгып, Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн колдоо издеши күтүлөт. Расмий Бээжин Грузиянын жикчил аймактары жөнүндө таасын пикир айтуудан карманып келди.



Бирок шаршембиде Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Цин Ганг (Qin Gang) президент Медведевдин соңку кадамына Бээжин тынчсызданганын өлкөнүн расмий кабар агенттиги Синхуа жазып чыкты. Бирок Бээжин Кремлди түздөн-түз сындаган жок.

26-августта президент Медведев кырдаал кансыз согуш жагына баратканынан чочулабай тургандыгын, бирок мындай согушка Кремл өзү эч умтулбагандыгын билдирген.

Медведев ошондой эле «Файненшл Таймс» гезитинде шаршембиде жарыяланган макаласында да Москванын бүгүнкү саясий турумун баяндап берген. Анда ал Москванын Грузияга аскер жиберүү чечимин коргоп, Түштүк Осетияны күч менен кайтарып алам деген аракети үчүн грузин президенти Михал Саакашвилини акылдан адашкан адамга салыштырган.

Орус президенти ошондой эле үстүбүздөгү жылы Батыш өлкөлөрү Косовонун бийлигинин аймактын Сербиядан көз каранды эместиги тууралуу бир тараптуу жарыясын Орусиянын каршылыгына карабастан тааныганынан соң расмий Москва үчүн да Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныгандан башка жол калбагандыгын белгилеген.

«Эл аралык мамилелерде сизде айрымдар үчүн бир эреже, башкалар үчүн башка эреже болушу мүмкүн эмес», - деп баса белгилеген Медведев.

Азырынча Орусиянын жолун жолдоп Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааный турганын башка бир да өлкө айта элек.

XS
SM
MD
LG