Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Сенатор Барак Обама АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке расмий талапкер болду


Мындай тарыхый чечимди Американын элүү штатынан чогулган делегаттар партиянын бул күндөрү Денвер шаарында өтүп жаткан курултайынынын үчүнчү күнүндө кабыл алышты. Анткени Барак Обама АКШнын тарыхында теги афро- америкалык ындыкаралардын ири саясий партиядан президенттике талапкер болгон эң алгачкы өкүлү.

Президенттикке талапкерлик үчүн ички партиялык жарышта Барак Обамага уттуруп койгону менен 18 миллион добуш алганынын урматына курултайдын шайлоо бюллетенине сенатор Хиллари Клинтондун да ысымы киригизилген эле. Бирок добуш берүү ортолоп калганда Хиллари Клинтон бул жараянды токтотуп, Обаманы талапкер катары бекитүү сунушун киргизди.

Бүгүн Обама талапкерликти кабыл алып, оң миңдеген жактоочулары алдында программалык сөзүн сүйлөөрү күтүлүүдө.

4-ноябрдагы шайлоодо ал Республикалык партиянын талапкери, сенатор Жон МакКейн менен ат салышмакчы. Республикачылардын шайлоо алдындагы курултайы 1-сентябрда башталат.

XS
SM
MD
LG