Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

БОРБОР АЗИЯДА АНТИАМЕРИКАНИЗМ КҮЧӨП БАРАТАБЫ?


Борбор Азияда антивестернизм, айрыкча антиамериканизм күчөп баратат деп билдирди Кыргызстандык саясат иликтөөчүлөрдүн бири Аскарбек Мамбеталиев “Борбор Азия” маалымат агенттиги аркылуу. Ал мына ушундай маанайдын пайда болуу себептерин илимий чөйрөдө талкууга алууну көздөп жатканын айтты. Кыргызстан өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алганын бир канча жолу жар салган, кокус ал дүйнөнүн Чыгышы менен Батышы, Түндүгү менен Түштүгүндө түзүлгөн мамилесинин тең салмагын жоготуп ала турган болсо, анда гуманитардык кыйроого учурап эле тим болбостон өз алдынчалуулугунан да кол жууп калышы мүмкүн. Саясат иликтөөчүнүн байкашынча Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгын көздөй ыктоону ээн-жайкын кое берүүгө боолбойт.Тилекке каршы Кытай менен Орусияга жана Ислам дүйнөсүн көздөй ыктоо Кыргызстанда акыркы жылдары өр тартып барат. Анын себептери айрым саясатчылар менен дин активисттеринин иштеринен эле эмес, азыркы эл башында тургандардын ашкере орусчул багытта болушуна жана алардын Шанхай Кызматташтык Уюмун чыңдоого кылган аракеттерине да байланыштуу болууда деди Аскарбек Мамбеталиев.

Ал эми Кыргызстан компартиясынын лидери, Кыргыз-Славян университетинин профессору Клара Ажыбекова “Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган Орусия Федерациясынын чечимин колдоп чыгуулары керек деп айтты “24.kg“ маалымат агенттигине. Биздин партия Кыргызстандын ырасмий бийлигин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тез арада таанууга чакырат, анткени АКШ менен НАТО майда элдерди жок кылуу программасын ишке ашырып жатат дейт кыргыз коммунисттеринин башчысы.

“Фергана.ру” маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академиянын тышкы саясат институтунун башчысы жана аймактык өлкөлөр боюнча эксперти Орозбек Молдалиев, Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу менен Орусия опурталдуу оюн баштап алды, Орусия Федерациясынын өз ичинде да көз карандысыздыкты каалаган бир катар субъекттер бар, кокус эртең Башкыртстан, Чеченстан же Татарстан көз карандысыздыгын жар салса эмне болот деп айтты. “Фергана.рунун” “Орусия ошентип бир колу менен сепаратизмди колдоп жаткан жокпу?” деген суроосуна Молдалиев, ооба кайсы бир деңгээлде колдоп жатат, эгер ушундай болсо анда Орусия Косовонун да көз карандысыздыгын таанышы керектигин, постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн көбү мурда Батыш өлкөлөрүнүн кош стандарттулугу жөнүндө айтып келсе, эми Орусиянын кош стандарттуулугу тууралу Батыш айта баштарын сөз кылды саясат иликтөөчү.

Орусиянын Түштүк Осетия менен Абхазиянын оз алдынчалыгын таанышы опурталдуу сигнал деп билдирди дагы бир саясат иликтөөчү Марат Казакбаев ушул эле “Фергана.ру” маалымат агенттиги аркылуу. Сеператизм КМШ аймагында, ошондой эле бүткүл дүйнөдө кошумча өнүгүү мүмкүндүгүнө ээ болууда, Орусиянын мындай чечими проблемалуу аймактарга айланган Карабах менен Приднестровьедеги быкшып турган отту кайрадан көөлөй баштайт дейт. Анын божомолу боюнча сепаратисттик маанай эми Борбор Азия өлколрүнүн ичинде күчөйт. Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автоном облусунда абал курчушу ыктымал. Ал эми Кыргызстанда жашап турган өзбектердин автономия сурашына эч кандай негиздер жок, анткени кыргызстандык өзбектер өз өлкөсүнө караганда Кыргызстанда эркин жашашат, өзбектер бийлик бутактарына да тартылган дейт саясат иликтөөчү.

“Борбор Азия” жаңылыктар кызматы РИА Новостинин Өзбекстан боюнча кеңешинин мүчөсү Фахриддин Низамовдун “Борбор Азияда мамлекеттик маселелерди чечүүчү фактор геосаясат эмес, гидросаясат болууда” деген макаласын жарыялады. Автор аталган макаласында суу ресурстарын пайдалануу аталган аймакта барган сайын баш ооруга айланып баратканын, ал эми проблемаларды ар ким ар кандай жолдор менен чечүүнү кааларын, маселен Өзбекстан менен Казакстан эларалык укуктук нормалардын кагазын беттерине кармаса, Кыргызстан өзүнүн экономикалык кызыкчылыгынын шарттарын сала-сал кылып келатканын айтты. Эксперт Низамов, кыргыз жана тажик энергетиктери электр энергияларын чет өлкөлөргө сатуу менен пайда табууну көздөп атышканын, тажиктер жакында Пакистан бийлиги менен Ооганстан аркылуу өтө турган жогорку вольттуу электр өткөргүчүн куруу боюнча макулдашканын, ал эми кыргыз энергетиктери электр энергиясын кышында Казакстан менен Орусия Федерациясынын түштүк аймактарына сатарын, ошентип Борбор Азияда мамлекеттер аралык маселелерди жөнгө салуу жагдайында чечүүчү факторду геосаясат ойнобой эле суу саясаты ойноп калганын, эми бул аймактын келекчек тагдыры да так ушул сууга байланыштуу болорун кеп кылды.

СССР кезинде кашыктап чогулткан сууну эгемендик жылдарында чакалап чачып жатабыз, эми мындан ары карай өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал начарлай берет деп айтты Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Акипреss” маалымат агенттигинин кабарчысына жооп берип жатып. Биз деген өтө эле таң калычтуу өлкөдө жашап жатабыз дейт Ниязов, анткени электрэнергиясын ички керектөөдөн үч эсе көп өндүрөбүз, бирок карайлап чырак жагып олтурабыз. Өзбүздүн дыйкандарга суу жетпей жатса өзгөлөрдүн суу топтой турган жайларын суу менен толтурабыз. Борбор Азиядагы көмүрдүн көп запасына ээ болуп туруп, Казакстандан көмүр сатып алуудабыз. Мал менен данды өзүбүзгө жеткидей өндүрө ала турган өлкө экенибизге карабай эт менен эгинди да тыштан импорттой баштадык. Алтындын жана башка кен байлыктарын таман алдыбызда басып жүрүп жакыр жашап жатабыз дейт Мирослав Ниязов. Анын байкашынча Кыргызстандын эгемендик жылдарынын жаңы тарыхында бийликке келгендер Советтер Союзунан мураска калган материалдык баалуулуктар менен улуттук байлыктарды талап-тоноп, саткандан бөлөк иш менен алектене элек. Мамлекеттин ээлигиндеги дөөлөттөрдү каалагандай сатмай улуттук саясаттын эң эле түрү суук көрүнүшүнө айланды, аларды сатуудан казынабыз толот деп калкты канчалык ишендиришкени менен ал толгон жок, кайра тескерисинче Кыргызстан дүйнөлүк финансы уюмдарынын барымтасында калып, мойнуна 2 млрддан ашуун АКШ долларын илип алып олтурат, алтургай кыямат да сактап кала турган ГЭСтер менен ТЕЦтерди да сактап калганга жараган жокпуз дейт саясатчы.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги “Мамлекет канткендей байыйт же эң эле жөнөкөй тамак-аш азык-түлүктөр жетпей жатканда алтындын кереги барбы?” деген макала жарыялады. Макалада автор экономика илиминин кандидаты Сапар Орозбаковдун пикирине орун берген. Экономисттин айтымында Кыргызстандын бүгүнкүдөй абалга түшүшүнө эларалык финансы институттарынын көп жылдардан берки жергиликтүү кырдаалды эсепке албастан жүргүзүп келаткан саясаты себеп болууда. Эски админстративдик бөлүштүрүү тармагы жоюлганы менен анын ордуна келгендери заман талабына жооп бере алган жок. Кыргызстандын очорулуп, ордунан жылалбай жаткандыгынын дагы бир себеби дүң базарлардын жоктугу, дыйкандардын керектүү маалыматтардан куру жалак калышы, кайда болбосун рынок жолоюн жакшы билген алыпсатарлардын үстөмдүгү, буларга кошумча кредиттердин берилбегендиги, айылчарбасынын мамлекет тарабынан доцияланбашы жана башка себептери тоскоол болууда дейт экономист.
XS
SM
MD
LG