Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

12:00 “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүгө алты компания катышууда


Алардын арасында “Ростелеком”, Turk Telekommunikasyon A.S., германиялык Axos Capital GmbH, казакстандык АК «Казахтелеком» менен кыргызстандык «ЭлКат Инвест» түзгөн консорциум, казахстандык «Инвестициялык компания «K.S.D.», кипрдик Nimisco Holding Co., Limited, КОЛИМАР ХОЛДИНГ КО.ЛТД ЛИМИТЕД (кипр) жана кыргызстандык «Ала-Тоо Кени» компаниялары түзгөн консорциум, ошондой эле курамында кыргызстандык «Телеком Инвест», «КыргызКредитБанк», «БиМоКом Лтд.» жана «Ermen-Too Resources» акционердик коому кирген консорциум бар. Комиссия бул компаниялар тарабынан берилген шарттарды иликтеп, андан кийин ким жеңгенин жарыялайт. “Кыргызтелекомдун” мамлекетке тиешелүү акциясы 77.94% сатылууда. Конкурс эки этап менен өтөт. Алгач конкурска катышкандардын бизнес-планы, сунуштары каралат. Экинчи этапта, 77.94% мамлекеттик акцияга төлөнө турган баасы каралат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттен бүгүн кабарлашты. Менчиктештирүүгө катышкан 6 компания берген конверттер 27-августа түштөн кийин ачылган. Алардын карап бүтүүнүн мөөнөтү мыйзамда так жазылган эмес.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG