Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

З.СУЛТАНОВ: БОИНГ-737ни ИЛИКТӨӨГӨ ЧЕТ ЭЛДИК ЭКСПЕРТТЕРДИ КОШУУ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек "Боинг-737 учагынын кырсыкка кабылганына “Манас” аба майданындагы АКШнын авиабазасынын кедергиси тийиши мүмкүн”, - деген пикирин “Эйр Центр Азия” авиакомпаниясынын жетекчиси Закиржан Султанов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, эгерде жетекчилер бул окуядан кийин “көзүн ачпаса”, жөндөмсүз адамдар авиа тармагында дагы эле иштей берсе мындай кырсыктар кайталанышы мүмкүн.

“Азаттык”: - Закиржан мырза, Жаңы-Жер айылынын аймагында кырсыкка учураган Боинг-737 учагы боюнча өкмөттүк комиссия туура жыйынтык чыгарат деп ишенесизби?

3. Султанов: - Эгерде авиа кырсыкты иликтеген өкмөттүк комиссиянын курамында азыркы бийликтеги жетекчилер болбогондо, анда комиссиянын жыйынтыгы жакшы болот эле деп ойлойм. Себеби, өткөндө “Як-40” учагы кырсыкка учураганда анын жыйынтыгы деле жөн эле жабылып калбадыбы. Азыр деле ошондой болуп калышы ыктымал. Ошондуктан бул кырсык дагы көз жаздымда калбашы үчүн Орусиядан, Казакстандан көз карандысыз эксперттерди, адисттерди алып келип, аларды өкмөттүк комиссияга кошуу зарыл.

“Азаттык”: - Закиржан мырза, эгерде Орусия менен Казакстандын адисттери кошулбаса, анда өкмөттүк комиссия учактын кыйрашы тууралуу бир жактуу чечим чыгарып коет деген чочулоо барбы?

3. Султанов: - Ооба, ооба. Сөзсүз түрдө ошондой болот. Бул жерде түз айтыш керек. Биздин система да абдан коррупциялашып кеткен. Ошондуктан өкмөттүн комиссиясына сөзсүз түрдө чет жактан эксперттер кошулса деп өтүнөт элем.

“Азаттык”: - Сиз адис катары Боинг-737 учагы кабылган кырсыктын себептери эмнеде деп боолголоп жатасыз? Бул кырсыкта техникалык же кандайдыр бир башка дагы себептери барбы?

3. Султанов: -Бул кырсыктын себептерин албетте, атайын түзүлгөн комиссия иликтеп, текшерип чыккандан кийин билүүгө болот. Эми себептердин бири техникалык жактан болушу мүмкүн. Анткени Москвадан учуп келгенден кийин самолетту эки-үч саатта эле даяр кылып башка багытка жөнөтүп жатышат. Ошол учурда убакыт аз болуп калышы мүмкүн же болбосо техниктер кандайдыр бир каталыкты кетирип коюшу ыктымал. Эми бул жанагы “кара жашик” деп коёбуз, ошол ачылгандан кийин бардыгы маалым болот.

Экинчиден, менин версиям боюнча бул күйүүчү май. Анткени күйүүчү майды ар түрдүү фирмалар алып келип жатышат. Ал жерде күйүүчү майга монополия болуп калган. Анын сапатына ким жооп берет. Ушуга да эч ким маани берилбейт. Бул кырсык күтүлүп жаткан нерсе болчу. Кыргызстандын элин кудай чоң сактап келген. Учурда адистер жок, алардын бардыгы кетип калган. Авиация тармагына компетентүү эмес адамдар келип отуруп калышкан. Мисалы, ошол эле аэропорттун жетекчилери эч кандай авиацияга тиешеси жок. Ошондой эле департаментте автомобилист же башка адисттеги адамдар канча жыл иштеди. Бул кырсык акыры барып келип боло турган нерсе болчу. Эгерде биздин жетекчилердин “көзү ачылбаса” мындай кырсык дагы качан болоорун, дагы канча курмандыктар болоорун билбейм.


“Азаттык”: - Закиржан мырза , “Азаттыктын” электрондук почтасына бир авиакызматкер кат жазып, авиация тармагын бир жактуу эле каралай бергениңер болбойт деген таарынычын билдириптир. Сиз авиатор адис катары калыстык сөзүңүздү айтып койсоңуз, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы аба учактарынын абалы кандай?

3. Султанов: - Ошол адам мени менен түз эфирге чыксынчы. Мен ага далилдеп берем. Мына көрүп атат эмне болгонун. Кантип андай суроо берет? Ал эми самолеттердун абалы, авиация паркы абдан начар. Чынында эле ыпыр-сыпырга толгон.
XS
SM
MD
LG