Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

13:44 “Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы бир саатка кармалып чыкты


Бүгүн Балыкчы шаарында Исмаил Кочкаровдун тарапкерлери митингиге чыгышып, Кочкаровго байланыштуу кылмыш иште адилеттүүлүктү талап кылышты. Бирок акцияга чыккан 50-60тай кишини милиция кызматкерлери дароо кармап кетишти. Кармалгандардын арасында “Кыргыз руху” гезитинин кабарчылары Мамат Раймжанов жана Расул Үсөналиев да болгон. Райымжановдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, журналисттерди милиционерлер тез эле бошотуп жиберишкен. Кыргызстандагы карачайлардын диаспорасынын башчысы болгон Исмаил Кочкаров маркум Рысбек Акматбаевге жакындыгы менен да белгилүү. Исмаил Кочкаров “Кыргыз долбоор” акционердик коомунун акцияларын көз беомочулук менен ээлеп алган деп, ага каршы кылмыш иши козголгон. Өзү камакка алынган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG