Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

14:02 “Ар-Намыс” партиясы Россиянын чечимин түшүнүү менен кабыл алды


Россиянын Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган чечимине карата “Ар-Намыс” партиясы бүгүн билдирүү менен чыкты. Анда КМШ мамлекеттеринин ичинде чек араларды өзгөртүү, бөлүнүп чыгуулар эл аралык келишимдерге (маселен, 1991-жыл 21-декабрда кабыл алынганКМШны түзүү боюнча АлмаАта келишими) ылайык ишке ашыш керектиги белгиленген. Алма-Ата келишиминде болсо тараптар аймактык бүтүндүктү таануу жана урматтоону жарыялашкан. Бирок ошого карабай “Ар-Намыс” партиясы Россияны өзгөчө маанилүү өнөктөш катары кароо менен анын Абхазия жана Түштүк Осетия боюнча чечимин түшүнүү менен кабыл алган. Партия ошондой эле Түштүк Осетия жана Абхазия боюнча талаштар чечилип бүткөнгө чейин БУУ тарабынан аларга убактылуу өзгөчө статус берилишин жактаган.(AiT)

XS
SM
MD
LG