Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

14:48 Башкы жаза өтөө башкармалыгын юстиция министрлигинен бөлүү туура эмес


Мындай пикирин юстиция министри Марат Кайыпов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк практикада жаза өтөө мекемелери юстиция министрлигинин алдында турат жана Кыргызстанда да ошондой система калыптанууда. Жаза өтөө башкы башкармалыгынын мурунку башчысы Капар Мукеев бүгүн маалымат жыйынында түзөтүү колонияларында чыккан баш-аламандыктарга юстиция министрлигинин жетекчилигинин күнөөсү бар деп, абалдан чыгуу үчүн Жаза өтөө мекемелер башкармалыгын юстиция министрлигинин алдынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзүүнү сунуштаган. Капар Мукеевдин айтымында, Жаза өтөө башкармалыгында толук баш-аламандык өкүм сүрүп турат жана Марат Кайыпов ал жерде тартипти орното алган жок. Өз кезегинде Кайыпов андай айыптоолорду четке кагып, анын ишине парламент жана президент баа берерин, ал эми колониялардагы чатакты иликтеген комиссия жакында өз тыянагын чыгарарын жана анда кимдин кандай күнөөсү бар экени аныкталаарын белгиледи.(AiT)

XS
SM
MD
LG