Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Ирандык адистер Бишкектеги соттук-медициналык экспертизалык борбордо 24- августа кыйроого учураган Боинг-737 учагындагы каза болгондордун сөөктөрүн генетикалык аныктоо үчүн тиешелүү анализдерди жүргүзүүнү башташты. Бул үчүн Ирандан атайын көчмө лаборатория эки күн мурун Бишкекке жеткирилген.

Бул кырсыкта бир тууган жээнинен ажыраган Султан Чыныбаев “Азаттыкка” – “26-август аза күтүү күнү” деп жарыяланганы менен, иш жүзүндө андай болбогонун айтты:

Башка жерди айтпай эле коеюн, сөөктөр жаткан ушул жерге да кара байрак эмес, кара бир чүпүрөк байлап коюшпады. Көчөлөрдө музыкалар ойноп, элдер каткырып-күлүп эле жүрүштү. Мамлекеттин көңүл бурбаганы да бул. Өкмөттөн бир да киши келген жок.

Боинг-737 учагында күйүп кеткен адамдардын сөөктөрү кармалып турган Бишкектеги соттук-медициналык-экспертизалык борборго транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Абдырахман Маматалиев келип, ал жердеги кайгырып тургандарга кайрылып жабыркагандарга компенсациялар төлөнүп берилерин жана зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлөрүн айтты:

Сөөктөрдү жашыруу аяктагандан кийин, каза болгондордун жакындарына сөзсүз компенсация төлөнөт. Ал эми азыр ичиңиздерден кимиңиздерге кандай жардам керек, акча керекпи, машине керекпи - кайрылыңыздар. Мына сиздер үчүн кара чүпүрөк тагынган балдарды коюп койдук. Бардык чыгымдарды транспорт жана коммуникация министрлиги көтөрөт.


Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев медициналык-экспертизалык жыйынтыктарды күтүп аткандарга келип жолугуп, сөөктөрдү сактоого жаңы муздаткычтар алынып келингенин жана сөөктөрдү бальзамдоо башталганын маалымдады. Каза болгондордун туугандарынын генетикалык анализдин жыйынтыгын дагы канча күтүү керектиги тууралуу суроого Мадамин Каратаев мындай жооп берди:

Адамдын ДНК сынын жыйынтыгын чыгаруу убакытты талап кылат. ДНК нын жыйынтыгы эки жумада же болбосо 12-13 күндө билинет. Андыктан күтүшүбүз керек.

Ал эми күтүп аткандардын сары санаасы – “сөөктөр бири-бири менен айырбашталып калсачы” деген жүрөк өйүткөн түкшүмөл.

Мадамин Каратаев болсо сөөктөрдү аныктоо өтө кылдаттык менен жүргүзүлөрүн белгиледи:

Ооба, тынчсызданып атканыңыздар туура. Ошол кол-буттар, дагы бир органдар алмашып кетпеш үчүн идентификация да жүргүзөлү деп атпайбызбы.

Ирандык адистер каза болгондордун жакындарынан, андан соң сөөктөрдөн тиешелүү анализдерди алып бүткөндөн соң, ДНКны аныктоо үчүн кайра Иранга учуп кетишмекчи. Тегеранда жүргүзүлчү генетикалык анализге кыргызстандык адистердин да катышуусу керек деген пикирлер да бар.

«Биз бул маселени чечип жатабыз. Ирандык адистер менен кошо кыргызстандык адистерден бирөө жана бир тилмеч жөнөтүлмөкчү. Ал жактан ДНКнын жыйынтыгы келмейинче, бир да сөөк алынып кетилбейт”, - деди министрдин орун басары.

Айрымдар болсо сөөктөр мынчалык аралашып кеткенден кийин, баарын эле бир жерге чогуу жашырып, “Боордоштук көрүстөнү” деп атап коюу туура деген пикирде. Мындай ойлорун бул кырсыкта жакындарынан ажыраган Султан, Мамат, Шайдылда билдиришти:

Султан: Эми мындайды эч кимге көрсөтпөсүн. Биринин башынан бири аттап кан кечип атышат. Биз да балабызды таба албадык.

Мамат: Мындагы сөөктөрдү кыргызыбы, казагыбы, ираныбы же дини башкасыбы – баарын эле “Бир туугандар көрүстөнү” деп бир жерге койсок туура болчудай.

Шайдылда: Өз сөөгүбүздү ажыратып алып кеттик деген күндө да, жүрөктө балким башканыкы аралашып кеттиби деген түкшүмөлдөө жашайт.
XS
SM
MD
LG