Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

ДҮЙНӨ ДҮЙШӨМБҮ САММИТИНЕ КУЛАК ТҮРҮП ТУРАТ


Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өтүп жаткан Шаңхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууда. Кавказ жаңжалындагы негизги оюнчулардын бири Орусия, жикчил аймактар болуп эсептелген Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануусунан кийин, ШКУ саммитинде бул жаатта кандай кеп болору көпчүлүктү кызыктырууда. Серепчилердин баамында, Борбор Азиянын чакан мамлекеттери, айрыкча аймагында АКШнын да, Орусиянын да аскерий базасы жайгашкан Кыргызстан үчүн бул татаал маселе боюнча “ак же көк” деп айтышы кыйынга турмакчы. Ошентсе да жалпы жыйындын жыйынтыгы боюнча, уюмдун лидерлери Орусиянын аймактагы тынчтык миссиясын колдогон жана маселенин тынчтык жолу менен чечилишин каалаган кайрылуусу менен гана чектелишти.

ШКУнун Дүйшөмбү шаарындагы кезектеги саммити ачылып, расмий жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери сөз сүйлөштү. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да өзүнүн 10 мүнөттүк сөзүндө уюмдун алкагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөп, соңку кездерде Кыргызстанды кыйла жүдөткөн энергетика жана азык-түлүк каатчылыгына да токтолду:

- Дүйнөлөшүүнүн шартында кызматташуубуздун биринчи орунуна, энергетика жана азык-түлүк кризистерин чогуу-чаран чечүү механизмдерин өнүктүрүү маселелери чыгып отурат. Бул кризистер барган сайын абдан тереңдеп, азыркы тапта бардыгыбызга тиешелүү болуп калды. Убакыт бизден бири-бирибизге жардам берүү иш-чараларын кеңейтүүнү талап кылып жатат.

Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанды камтыган Шаңхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити бул жолу өзгөчө кызыгууну жаратууда. Уюмга ошондой эле Иран, Индия, Монголия жана Пакистан байкоочу статусуна ээ.

Саммитте бул жолку талкууга алынчу темалардын арасында, Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгы маселеси дагы бар экени болжолдонгон. Уюмдун лидерлеринин бири Орусия жакында эле Грузиянын бул жикчил аймактарын көз карандысыз өлкө катары тааныган эле. Эми Орусия бул маселе боюнча ШКУдан колдоо күтөрү айтылып жаткан. Уюмдун лидерлери азырынча Орусиянын аймактагы тынчтык миссиясын колдогон жана маселенин тынчтык жолу менен чечилишин каалаган кайрылуусу менен гана чектелишүүдө. Талдоочулардын баамында, ШКУга мүчө мамлекеттердин ичинен Абхазия жана Түштүк Осетия маселеси боюнча Кытай тараптын туруму өзгөчө мааниге ээ болмокчу. Лондондогу “Жеймс” маалымат тобунун Евразия боюнча редактору Метью Клементстин пикиринде, Кытайдын өз өлкөсү ичинде жикчил аймактары болгондуктан, алар азырынча бул маселеде Орусияны колдоого шашылбоосу мүмкүн:

- Кытайдын өзүнүн жикчил аймактары менен проблемалары бар. Өзгөчө Циньзянь уйгур автоном облусундагы жана Тибеттеги маселелер Кытайды сепаратизмге каршы турууга шыкактайт. Маселенин түпкүрүндө, Грузиянын жикчил аймактарын көз карандысыз деп таануу же бул эки аймактын Орусияга биригүүсү Кытай үчүн өтө талылуу нерсе.

Саясатчылар арасында, Кыргызстан Кавказ жаңжалына окшогон маселелерде эч бир тарапты колдобой көп багыттуу саясат жүргүзүүсү керектигин да, Орусия же АКШ тарапка ыктоосу туура болорун да айткандар бар. Белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, талылуу маселелерде кайсы бир тарапты колдоого шашылбоону, көз карандысыз мамлекет катары эч кимге кошулбай, өз алдынча саясат алып баруу керектигин айтат:

- Кыргызстан эркин, көз каранды эмес мамлекет катары бир эле мамлекетке ыктабашы керек. Мен айтып атпаймынбы, бардык мамлекеттер менен бирдей кызматташуу керек деп. Орусия, Кытай, АКШ менен дагы.

Саясат талдоочулардын айтымында, Борбор Азия мамлекеттери үчүн да бул маселе боюнча бир нерсе айтышы кыйын. Анткени, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда да чоң этникалык топтор жашашкандыктан, Орусияны колдоо опурталдуу болушу ыктымал. Дагы бир саясий ишмер Өмүрбек Абдырахманов мындай дейт:

- Менин оюмча Орусия ШКУ саммитинде бул маселени көтөрөт. Анткени, Орусия азыр бүт дүйнө боюнча жалгыз калды. Бирок ШКУнун ичинде деле аны толук колдоп, Абхазия же Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө катары таанып жиберишпейт. Себеби ШКУдагы ар бир мамлекеттин өз оорусу бар. Кытайдын уйгурлар жана Тибетке байланыштуу проблемасы бар. Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердики деле ошондой.

Саммитте АКШнын Кыргызстандагы базасы тууралуу да маселе көтөрүлүшү ыктымал экендиги болжонгон эле. Бирок жалпы жыйында бул маселе козголгон жок.

XS
SM
MD
LG