Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

19:55 “Тынчтык” партиясынын координатору С. Кочкаревдун тарапкерлерин Балыкчы шаардык милициясы кармап кетти


28-август күнү эртең менен Балыкчы шаарынын кире беришиндеги жолдогу аялдамада “Тынчтык” партиясынын жактоочулары нааразылык митингге чыкты. Алардын талабы - Бишкек СИЗОсунда камалып жаткан партиянын башкы координатору Смаил Кочкаревдун күнөөсүн эл алдында далилдеп, ачык сот өткөрүү. Партиянын Балыкчы шаарындагы координатору Сайракан Муканбетованын айтуусунда, “Кыргызстанда адилетүүлүк орносун!”, “Улуттун улуулугу биримдикте!”, “Кочкаревго эркиндик!” деген көрнөктөрдү көтөрүп тургандарды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Минтингдин уюштуруучулары катары Кадыр Момоев, Сайракан Муканбетова баштаган алты кишини прокуратура суракка алып, шаардын башкы прокурору Матан Суранбаев алардын ар бирине 20 миң сомдон айып салган. Суранбаев мырза бул боюнча “Азаттакка” жооп берүүдөн баш тартты. Белгилеп кетчү нерсе, “Тынчтык” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Тынычбек Акматбаев түптөгөн эле. Ал эми учурда камакта жаткан Смаил Кочкарев Рысбек Акматбаевдин кеңешчиси болуп жүргөн. (RB)

XS
SM
MD
LG