Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ШКУ ЛИДЕРЛЕРИ ГРУЗИЯДАГЫ ОКУЯЛАРГА “ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН” БИЛДИРДИ


Амирбек Усманов, Прага Борбордук Азиянын төрт өлкөсү жана Кытай Грузиядагы чатакты жөндөөдөгү «Россиянын активдүү ролун» колдошту. Бирок, Шанхай Кызматташтык Уюму - ШКУга мүчө өлкөлөр Түштүк Осетия менен Абхазиянын күнкорсуздугун таануу тууралуу Орусиянын чечимин жакташпады жана бул маселе жөнүндө ооз ачышпады. ШКУнун Дүйшөмбүдө өз ишин аяктаган саммитинде жарыяланган билдирүүсүндө ШКУ лидерлери «Түштүк Осетияда жакында болгон калабага» өз тынчсызданууларын билдирип, тараптарды «ортодогу проблемаларды» өз ара сүйлөшүп чечүүгө чакыруу менен чектелди.

Орус аскерлери Грузияга басып киргенге байланыштуу Батыштын олуттуу айыптоосуна кабылып жаткан Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин саал мурдараак билдиришинче, Шанхай Кызматташтык Уюму - ШКУга мүчө беш өлкө Москванын Грузиядагы аскерий аракеттерине колдоо көрсөткөн.

- Биз ШКУга мүчө мамлекеттердин позициясы эл аралык деңгээлде тийиштүү резонанска ээ болот деп ишенебиз. Бул караны ак деп көрсөтүүгө жана жасалган агрессияны актоого аракет кылгандарга олуттуу эскертүү болот деген үмүттөмүн.

Медведев Грузияны Түштүк Осетияга кол салууга түрткөн ким экени белгилүү деп туюк айтканы менен “шыкакчылардын» ысымын атабады:

- Бизге Грузиянын жетекчилигин өздөрүнүн жеке максатын көздөгөн кимдер күшкүштөп түрткөнү жакшы маалым.

Бирок, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары грузин маселесин кылдат айланып, Грузиянын курамындагы жикчил аймактардын көз каранды эместигин Москванын расмий таануусу жөнүндө «лам» деп ооз ачышпады.


Казакстандыни президенти Нурсултан Назарбаев гана Медведевчесинен аты аталбаган күчтөрдү «түрдүү өлкөлөрдү өз ара кайраштырууга аракет кылууда» деп сындап, региондун коопсуздугуна эл аралык терроризм чоң коркунуч туударганын да белгилей кетти:

- Тилекке каршы, түрдүү өлкөлөрдү жана элдерди бири бирине карама-каршы койуу аракети кайрадан турмуштук чындык болууда. Бул конфликттик кырдаалды жаратууда. Биздин региондогу туруктуу өсүүгө олуттуу коркунучтун бар экени, баарынан да эл аралык терроризм бизди тынчсыздандырбай койбойт.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов болсо Ооганстандагы кырдаал жөндөлбөсө, жалпы региондогу бейпилдикке доо келтире турганына көңүл бурду:

- Ооганстандагы тирешүү курчуп жана кеңири жайылып бараткандыгынан улам региондогу коопсуздукка, туруктуулукка коркунуч өсүүдө, кырдаал радикалдашууда жана согушчандардын террорчулук аракеттери жанданууда.

Ооганстанда тынчтык орнотууда, экстремизмге жана маң аткезчилигине каршы күрөштө Россия, АКШ, НАТО жана коңшу өлкөлөр чоң ролду ойношу керек, деп кошумчалады Ислам Каримов.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев саммиттеги сөзүндө суу жана отун-кубат маселеси аймак үчүн өтө чоң мүшкүлгө айланып баратканына токтолду:

- Кийинки жылдары региондогу өз ара мамилелерде отун-суу маселеси өзгөчө орунду ээлейт. ШКУга мүчө мамлекеттер жакшы ыклас менен чогуу аракеттенсе, биздин элдердин жыргалчылыгын камсыздоого багытталган кызматташуунун бул тармагында орчундуу жылыш жана практикалык ийгилик болушу мүмкүн.

Маселени чечүүдөгү практикалык кадам катары Бакиев Борбор Азиянын Суу- кубат академиясын ачып, суу-кубат проблемасына арналган бийик деңгээлдеги биринчи жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле, ШКУну региондо кызыкчылыгы бар европалык саясый институттар менен кызматташууну өнүктүрүүгө үндөдү:

- Бүгүн биздин алдыбызда Шанхай кызматташу уюмунун эл аралык аренадагы ордун дагы бекемдеп түптөө, Европалык түзүмдөр, анын ичинде биздин регионго кызыгуусу өсүп жаткан Евробиримдик, ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму менен байланыш түзүп, кызматташууну өнүктүрүү милдети турат.

ШКУга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Индия, Иран, Монголия жана Пакистан уюмда байкоочу макамына ээ.

XS
SM
MD
LG