Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

ШКУ Грузиядагы соңку жаңжалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды баарлашууга чакырды


Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө болгон жогорку деңгээлдеги жыйында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Грузиядагы тирешүүгө тынчсыздануусун билдиришти, бирок саммитте расмий Маскөөгө анын Кавказдагы кырдаал жаатында Батыш менен тирешүүсүндө түздөн-түз колдоо көрсөтүлгөн жок.
Аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык маселелери жыйындын күн тартибиндеги башкы маселелер болуп каралды. Саммитте Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кавказдагы кырдаал боюнча Батыш менен тирешкен маселеде колдоо издеп сөз сүйлөгөн. Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрү – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан буга чейин Грузия маселесинде этият мамиле кылып жатышкан. Саммитке катышкан лидерлердин тирешкен тараптарды элдешүүгө жана сүйлөшүү аркылуу талаш маселелерди чечүүгө чакырыгы саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияда да камтылды.

XS
SM
MD
LG