Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич Гаага трибуналына экинчи ирээт чыгары күтүлүүдө


Босниялык сербдердин мурдагы лидери, согуш кылмыштары үчүн айыпталган Радован Каражич бүгүн Гаагадагы эл аралык трибуналдын алдына экинчи ирээт чыгары күтүлүүдө.
Ал коюлган доолорго макул же макул эместигин билдириши керек. Каражичке тагылган айыптардын арасында геноцид деп эсептелген эки окуя бар. Алар - 90-жылдардагы согуш учурунда Босниянын борбору Сараево шаарынын 43 ай боюу камалоого алынышы жана Сребренциа шаарында 8 миңдей мусулмандын кырылышы. Он үч жыл бою качып жүргөн Каражич Гаага трибуналына өткөн айда Сербиядан кармалган соң өткөрүлүп берилген. Каражич апта башында трибуналды анын ишин кыскартуунга чакырып, адилет сотко үмүттзнбөсүн билдирди.

XS
SM
MD
LG