Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Гильмендде соңку төрт күндө АКШ баштаган коалиция күчтөрү 100дөн ашуун согушкерди жок кылды


Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында соңку төрт күндөн берки уруштарда АКШ баштаган коалициянын күчтөрү 100дөн ашуун согушкерди жок кылды. Бул тууралуу коалициянын командачылыгы кечээ билдирди. Алардын маалыматына караганда, түрдүү куралдарды пайдаланган согушкерлер дүйшөбүдөн бейшемби күнгө чейинки аралыкта коалициянын жана ооган аскерлеринин күзөттө жүргөн бөлүктөрүнө бир нече ирээт кол салган. Атышуулар учурунда аскерлерге абада да колдоо көргөзүлдү. Билдирүүдө ооган жана коалициялык аскерлерден, ошондой эле жөн жай тургундар арасында чыгым болбогону айтылган.

Кечээ болсо НАТО Кабулдун коопсуздугу үчүн жоопкнрчиликти ооган күчтөрүнө өткөрүп берди. Бирок бул шаардан чет элдик аскерлер чыгарылып кете дегенди билдирбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG