Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Грузия кризисине байланыштуу кайым-айтышуулар күчөөдө


Орусиянын премьер- министри Владимир Путин кечээ Си-Эн-Эн телеканалына берген интервьюсунда Грузия-Орусия жаңжаалына ички саясий себептеринен улам Кошмо Штаттар шыкак берди деп шек санарын билдирди.
Вашингтон мындай аыптоону "жөнсүз" деп дароо эле четке какты.
Бул аралыкта Еврошаркеттин учурдагы төрагасы -Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер шаркет Грузия боюнча келерки дүйшөмбүгө белгиленген чукул саммитин утурлай Орусияга каршы санкцияларды караштырып жатканын маалымдады.
Ал эми Грузиянын парламенти кечээ Орусия менен дипломатиялык алаканы үзүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги болсо Орусия менен аскерий жаңжаалга алып келген окуяларды, адам укугун бузуулар жөнүндөгү маалыматтарды иликтөө үчүн эл аралык көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG