Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

10:20 “Жаштар иши боюнча департамент баардык өлкө жаштарынын кызыкчылыгын көздөбөй жатат”


Мындай пикирин “Мен ишенбейм” кыймылынын өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти. Алар мамлекеттик Жаштар иши боюнча департаменттин Кыргызстан менен Казакстандагы бийликтеги партиялардын жаштарынын бирдиктүү кошуунун түзүү демилгесине каршы. Мындай демилге жакында эле Ысык-Көлдө өткөн “Социалдык өнүгүү – жаштардын өнүгүшүнүн негизи” аттуу форумда көтөрүлгөн эле. “Мен ишенбейм” кыймылы мамлекеттик орган болгон бул департамент өлкө казнадан каржыланып жатып бүтүндөй жаштардын эмес, “Ак Жол” партиясынын өкүлдөрүнүн гана кызыкчылыгын коргоп жатканын сынга алууда. Ушундан улам алар өкмөт башчыдан департаменттин андан аркы ишмердүүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылышты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG